Финпол: Акылбек Жапаровго тиешеси бар ишкана салыктан качты деп айыпталууда

© Фото / пресс-служба ГСБЭПДеятельность ОАО "МИС"
Деятельность ОАО МИС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финполдун маалыматына караганда, "МИС" ААКсына эки юридикалык тарап ээлик кылат. Алардын бири — офшордук компания жана жогорку кызматтагы аткаминерлердин биринин жубайы.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча Финансы полициясы ири суммадагы салык төлөөдөн качуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Финполдун маалыматына караганда, "МИС" ААКсына эки юридикалык тарап ээлик кылат. Алардын бири — офшордук компания жана жогорку кызматтагы аткаминерлердин биринин жубайы Ж. А. Б. аттуу жаран.

© Фото / пресс-служба ГСБЭПАламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча Финансы полициясы ири суммадагы салык төлөөдөн качуу фактысын аныктады.
Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча Финансы полициясы ири суммадагы салык төлөөдөн качуу фактысын аныктады. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча Финансы полициясы ири суммадагы салык төлөөдөн качуу фактысын аныктады.
© Фото / пресс-служба ГСБЭПФинполдун маалыматына караганда, "МИС" ААКсына эки юридикалык тарап ээлик кылат
Финполдун маалыматына караганда, МИС ААКсына эки юридикалык тарап ээлик кылат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Финполдун маалыматына караганда, "МИС" ААКсына эки юридикалык тарап ээлик кылат
© Фото / пресс-служба ГСБЭПАлардын бири — офшордук компания жана жогорку кызматтагы аткаминерлердин биринин жубайы Ж. А. Б. аттуу жаран.
Алардын бири — офшордук компания жана жогорку кызматтагы аткаминерлердин биринин жубайы Ж. А. Б. аттуу жаран. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Алардын бири — офшордук компания жана жогорку кызматтагы аткаминерлердин биринин жубайы Ж. А. Б. аттуу жаран.
1/3
Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча Финансы полициясы ири суммадагы салык төлөөдөн качуу фактысын аныктады.
2/3
Финполдун маалыматына караганда, "МИС" ААКсына эки юридикалык тарап ээлик кылат
3/3
Алардын бири — офшордук компания жана жогорку кызматтагы аткаминерлердин биринин жубайы Ж. А. Б. аттуу жаран.
"Менчигинде 30га чукул өндүрүш, коммерциялык жана айыл чарба багытындагы кыймылсыз мүлкү бар ишкана милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөй жүргөн. Ошондой эле акыркы жылдары ири кирешесине карабай нөлдүк отчетторду тапшырып келген. Мунун кесепетинен мамлекетке 90 миллион сомдук чыгым келген", — деп айтылат билдирүүдө.

Вагондорду араалап салышкан. "Кыргыз темир жолунун" бөлүм башчысы кармалды

Ошондой эле Финансы полициясына тиешелүү органдардан келип түшкөн маалыматтарга караганда, аталган компания 2009-жылы этти тазалоо жана үрөн чыгаруу боюнча заводду реконструкциялоо үчүн Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фонду аркылуу 200 миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда алган. Аны 2012-жылы төлөп бүтүшү керек болчу.

Бирок Финполдун маалыматына караганда, каражат башка максаттарга колдонулуп, кутулуу мөөнөтү эки ирет жылдырылып, 2025-жылга калтырылган. Андан кутулуу боюнча пайыздарын кыскартып салуу боюнча жеңилдиктер дагы каралган.

Ошондой эле аталган компания университет, жеке мектеп, дүкөн, дарыкана, кампа жана цехтерге ижарага имарат берери кошумчаланган.

Кымырылган 9 млрд. сом: Салык кызматы Финполдун кинеси негизсиз экенин айтты

Учурда иш иликтенип жатат.

Өздүк булактардан билдиришкендей, аталган компанияга EURASIA CAPITAL LIMITED офшордук компаниясы жана ЖК депутаты Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова ээлик кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0