Өзгөндө жеңил унаа каналга түшүп кетип, 72 жаштагы айдоочу көз жумду

© AFP / PEDRO PARDOОоруканада жаткан карыя бейтап. Архив
Ооруканада жаткан карыя бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу Ак-Кыя айылынан Өзгөн шаарын көздөй бара жаткан. Рулду башкара албай калган айдоочу унаасы менен аласалып, каналга түшүп кеткен.

БИШКЕК, 30-окт. – Sputnik. Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда айдоочу унаасы менен каналга түшүп кетип көз жумду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт, насаат иштери боюнча өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Билдирмеге ылайык, кырсык 27-октябрь күнү болгон. Honda Fit автоунаасынын айдоочусу Ак-Кыя айылынан Өзгөн шаарын көздөй бара жаткан. Өзгөн — Эркин-Тоо жолунун 18-чакырымына келгенде унаа аласалып, каналга түшүп кеткен.

"Натыйжада 72 жаштагы айдоочу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей көз жумган", — деди Теңизбаев.

Маңдайы жарабай калыптыр! Бишкекте эки унаа кагышкан видео

Кырсык Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иши уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0