Измирде уранды алдында калган төрт киши бир суткадан кийин тирүү табылды

© REUTERS / KEMAL ASLANИзмирдеги жер титирөөдөн кийин куткаруучулар иш учурунда
Измирдеги жер титирөөдөн кийин куткаруучулар иш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аман-эсен табылган төрт адамдын экөө аял, бирөө эркек жана бирөө бала. Куткаруучулар жана окуя болгон жерде тургандар аларды кол чаап тосуп алышкан.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Измирдеги жер титирөөдөн кийин куткаруучулар уранды алдынан төрт адамды тирүү алып чыгышкан. Алар талкаланган үйлөрдүн алдында бир сутка жаткан. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы жеринен маалымдады. 

Билдирмеге ылайык, куткарылган төрт адамдын экөө аял, бирөө эркек жана бирөө бала. Куткаруучулар жана окуя болгон жерде тургандар аларды кол чаап тосуп алышкан.

Уранды алдында дагы бир нече адам бар экени божомолдонууда. Анын ичинде имаратта жайгашкан кафенин кардарлары да болушу ыктымал.

Эске салсак, кечээ, 30-октябрда, Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан.

Жер силкинүү Грециянын аралында да сезилип, жергиликтүү сейсмологдор анын күчүн 6,9 баллга жетти деп баалашкан.

Измирдин жер титирөөдөн коркуп калган тургундары таңды көчөдөн атырды

Измирдеги жер силкинүүдөн 20дай имарат талкаланганы айтылууда. Акыркы маалыматтар боюнча, жаратылыш кырсыгынан 26 адам каза болуп, 831 киши жабыркаган.

Ал эми Грециянын Самос аралында эки адам көз жумуп, 20дай адам жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0