Түндө Ысык-Көлдө  жер титиреди

© AFP / NICOLAS ASFOURIАдис сейсмограф менен иштеп жатат. Архив
Адис сейсмограф менен иштеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети-Өгүз районунун Саруу, Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Дархан айылдарында жер силкинүү 2,5 баллга чейин сезилген.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, жер силкинүү 2-ноябрга караган түнү саат 00:05те болгон.

"Ал Жети-Өгүз районунун Саруу, Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Дархан айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0