Бишкектеги батирлердин биринен ӨКМ кызматкерлери кемпирдин сөөгүн табышты

© Sputnik / Табылды КадырбековДоставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве
Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ куткаруучулар Ибраимов көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып бергенде аял кишинин каза болуп калганын көрүшкөн.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районундагы бир батирден 72 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 1-ноябрь күнү саат 10:10до куткаруучулар Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №28 үйдөгү батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Ичинде 1948-жылы туулган аял кишинин сөөгү табылган.

Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды

Куткаруучулар сөөктү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0