Бишкекте үч унаа кагышып кетти. Окуянын видеосу

Жазылуу
Mercedes, Toyota жана Honda үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Окуяны Кайгуул милициясы териштирип жатат.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкекте үч автоунаа кагышып кетти. Окуянын видеосун "Короче" Telegram каналы жарыялады.

Кадрдан көрүнүп тургандай, унаалар талкаланып калган.

Маңдайы жарабай калыптыр! Бишкекте эки унаа кагышкан видео

Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кырсык 2-ноябрда саат 13:00дө шаардын Карасаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирди. Бир эле учурда Mercedes Benz, Toyota Camry жана Honda CRV унаалары кагышып кеткен.

Кырсыктан Honda унаасынын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0