Кылмыштуу топ ишкердин мойнуна 100 миң доллар илип койгон. Шектүүлөр кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСтолдо жаткан беш миңдик сом купюралар жана бычак. Архив
Столдо жаткан беш миңдик сом купюралар жана бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөр курулуш материал сатып алуучу катары ишкерди жолугушууга чакырып, ал жерден күч колдонуп 3800 долларын тартып алышкан.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкерди коркутуп, мойнуна 100 миң долларлык "салык" илип койгон. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, шектүү катары 26-36 жаштын ортосундагы төрт жаран кармалды. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени айтылды.

"Шектүүлөр курулуш материал сатып алуучу катары ишкерди жолугушууга чакырып, ал жерден күч колдонуп 3800 долларын тартып алышкан. Ошондой эле "100 миң доллар карызым бар, ай сайын 20 миң доллардан төлөп берип кутулам" дедиртип, мажбурлап тил кат жаздырышкан", — деп айтылат маалыматта.

Финпол Кытайга 180 млн. доллар чыгарып кетти деген жаранды кармады

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0