Милицияда иштөөгө жарамсыз адамдардан пара алган. Шектүү кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековНаручники и фуражка милиционера
Наручники и фуражка милиционера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-ноябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Медициналык башкармалыктын жетекчиси, ИИМдин аскер-дарыгерлик комиссиясынын төрагасы Ж.Ж.К. кармалды.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Медицина башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан милицияга жумушка келген жарандардан оң бүтүм чыгарып берүү үчүн акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

"Медициналык башкармалыктын жетекчилиги талапкер катары келген жарандардан милицияда иштөөгө жарамдуу деп бүтүм чыгарып берүү үчүн пара талап кылып жүрүшкөн", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

100 миллион сомго барабар арак алынды. УКМК бизнестеги коррупцияны аныктады

2-ноябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Медициналык башкармалыктын жетекчиси, ИИМдин аскер-дарыгерлик комиссиясынын төрагасы Ж.Ж.К. кармалды.

"Милицияда, анын ичинде кайрадан түзүлгөн Патрулдук милиция кызматында иштөө үчүн талаптарга жооп бербеген (бою кыска, ашыкча салмагы бар, көзүнүн көрүүсү ойдогудай эмес) адамдардан пара алуу фактысы катталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 325-беренеси ("Пара алуу") менен каттоого алынып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0