Кыргыз жылуулук энерго мамлекеттик ишканасынын тендердик комиссиясынын мүчөсү пара алып кармалды

Эксперт Расул Умбеталиевдин пара алууга шектелип кармалганы айтылууда

226
(жаңыланган 13:06 04.11.2020)
Буга чейин УКМКнын маалымат кызматы "Бишкек жылуулук энерго" ишканасынын тендердик комиссиясынын мүчөсү У.Р. кармалганын билдирген болчу.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Редакцияга ишенимдүү булактар УКМК пара алуу фактысы менен Расул Умбеталиевди кармаганын билдирди. Умбеталиев отун-энергетика комплекси боюнча эксперт. Бир катар көмүр казуучу ишканаларда эмгектенген.

Член тендерной комиссии по закупке угля ГП Кыргызтеплоэнерго У. Р., подозреваемый  в вымогательстве 500 тысяч сомов. 03 ноября 2020 года
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Редакцияга ишенимдүү булактар УКМК пара алуу фактысы менен Расул Умбеталиевди кармаганын билдирди

Буга чейин атайын кызмат "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын биринин көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиясынын мүчөсү У.Р. 500 миң сом пара талап кылган деп шектелип кармалганын билдирген. Инициалдардан тышкары, кармалган кишинин сүрөтү дагы Умбеталиеге окшош болчу.

Милицияда иштөөгө жарамсыз адамдардан пара алган. Шектүү кармалды

Эксперттин кармалганы тууралуу маалыматты УКМК тастыктай элек. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети да үн каткан жок.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча каттоого алынган. Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

226
Белгилер:
пара алуу, кармоо, эксперт, Расул Умбеталиев, УКМК
Тема боюнча
Садыр Жапаров УКМК менен ИИМдин мурдагы жетекчилери изделип жатканын айтты. Видео
Кары киши. Архивдик сүрөт

Беш айдан бери дайынсыз. Чүйдө 61 жаштагы киши изделүүдө

16
(жаңыланган 16:28 02.12.2020)
Издөө салынган киши күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Чүйдө беш айдан бери 61 жаштагы киши изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. 

Без вести пропавший Сулайманов Сайдали
© Фото / пресс-служба ОВД Московского района
Жоголуп кеткен 61 жаштагы Москва районунун Беш-Терек айылынын жашоочусу Сайдалы Сулайманов

Ага ылайык, жоголгон Сайдалы Сулайманов Москва районунун Беш-Терек айылында жашачу. Ал үйүнөн 2020-жылдын 15-июнунда чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Изделип жаткан кишинин бою 170-175 сантиметр, чачын ак баскан, кыска. Көздөрү кара, кашы калың. Ал күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

Дайынсыз жоголуп жаткан киши тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Чүй ОИИБ (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85 телефондоруна, ал эми Москва райондук ИИБ (0312) 60-77-27, 0550 22-17-17,0707 54-21-71 номерлерине чалып коюуну өтүндү.

16
Белгилер:
Чүй облусу, милиция, белги, издөө
Тема боюнча
Баткенде жоголгон аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатат. Сүрөт
Көз айнек жана сом купюралары. Архив

Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду мамлекетке 13 млн. сом зыян келтиргени аныкталды

78
(жаңыланган 13:16 02.12.2020)
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мыйзамсыз аракеттерди жасаган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мамлекетке 13 миллион сомдон ашуун зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы социалдык объектилерди курууга сарпталган акчанын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

Мааламатка караганда, аталган дирекция 2016-2019-жылдары З.С. аттуу жоопкерчилиги чектелген коому менен Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылына спорт зал куруу үчүн келишим түзгөн. 2019-жылдын 4-мартында спорт зал пайдаланууга берилген.

"Бирок дирекциянын өкүлдөрү пайда көрүү үчүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып З.С. ЖЧКсынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып айрым иштерди жогорулатылган баада жасаткан. Ошондой эле аткарылбаган иштер дагы сметага кирип калган. Анын кесепетинен мамлекетке 4 миллион 324 миң 200 сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2014-2018-жылдар аралыгында Тоң районунун Тоң айылында бала бакча куруу үчүн дирекция менен жогоруда аталган ЖЧКнын ортосунда келишим түзүлүп, курулушу бүткөрүлдү делген бала бакча 2018-жылдын 29-майында пайдаланууга берилген.

"Мында дагы тараптар сүйлөшүп алып мамлекетти 4 миллион 378 миң 100 сом зыянга учураткан", — дешти Башкы прокуратурадан.

Мындан тышкары, 2015-2018-жылдар аралыгында Балыкчы шаарында бала бакча курууда дирекциянын кызмат адамдары менен ТИП коомунун кызматкерлеринин ушундай эле кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке 4 миллион 338 миң 700 сом зыян келтирилгени айтылды.

Мамлекетке жалпы жонунан 13 миллион 041 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Белгиленген фактылар Ыссык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

78
Белгилер:
бюджет, коррупция, фонд, өнүктүрүү, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Прокуратура 10 млн. сомдук жер тилкени мамлекетке кайтарды
Прокуратура: Бишкекте иштебеген мугалимдерге айлык төлөнгөн факты аныкталды
Жогорку соттун Конституциялык палатасынын отуруму

КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди

0
(жаңыланган 19:31 02.12.2020)
Доогерлер парламенттик шайлоонуну жылдырылышы бийликти узурпациялоодон кабар берерин айтууда. Ал эми Жогорку Кеңештин өкүлдөрү буга пандемия менен өлкөдөгү кырдаал таасир эткенин билдирип, тараптар кызыл чеке болушту.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку соттун Конституциялык палатасы (КП) парламенттин мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Бул чечим акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт. 

КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө белгиленген. Аталган мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон.

Ал эми БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

КП кимдердин жүйөсүн укту?

Конституциялык палата даттануучулар "Реформа" партиясынын төрайымы Клара Сооронкулованын жана жарандар Нурбек Касымбековдун, Таалайбек Усубалиевдин жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн жүйөсүн укту. Ошондой эле президенттик аппарат менен Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү дагы позициясын айтты.

КПга арыз берген Сооронкулова Жогорку Кеңеш Конституциялык мыйзамды коомдук талкууга дагы койбой, бир сааттын аралыгында үч окуудан өткөрүп салганын белгиледи. Ал азыркы парламент легитимсиз отурат деген пикирде.

"Парламенттин мөөнөтүн узартууга пандемияга байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал режими күчүндө экени жүйө келтирилген. Эгер андай болсо 4-октябрда парламенттик шайлоо эмнеге өттү? Кантип президенттик шайлоо, референдум өткөрөбүз деп жатышат? Тескерисинче, парламенттик шайлоону биринчи өткөрүш керек эле. Жогорку Кеңештин депутаттары өз укуктарынан аша чаап кетти", — деди Сооронкулова.

Парламенттик шайлоону жылдыруу абалды турукташтырды

Жоопкер катары келген Жогорку Кеңештин өкүлү Камила Бейшенбек кызы доогерлердин даттануусун четке кагууну өтүндү.

"Бул мыйзам өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, тартипти, коопсуздукту сактоо жана социалдык-экономикалык кырдаалды жайгаруу үчүн кабыл алынды. Пандемия маалында тынымсыз митингдердин өтүшүнөн көп адамдын ден соолугуна зыян келип, башаламандыктар токтобойт болчу. Бюджет дефицит болуп, парламенттик шайлоого каражат дагы табылбай жаткан. Ал мыйзам бийликти узурпациялоого багытталган эмес. Андыктан доогерлердин кайрылуусун канааттандырбоону өтүнөм", — деди ЖК юристи.

Ошондой эле ал 22-октябрда мыйзам демилгенип ошол эле күнү коомдук талкууга коюлуп, экспертизадан өтүп, комитеттерден колдоо таап, жалпы жыйында үч окууда кабыл алынганын моюндады.

Сооронкулова мыйзам жок дегенде коомдук талкууда бир күн турушу керектигин айтканда ЖКнын дагы бир өкүлү Максат Орозбек уулу парламенттин сайты хакердик чабуулга туш болгондуктан эртерээк чыгарууга мүмкүн болбогонун билдирди.

Элдин талабы...

Андан соң Сооронкулова эмне үчүн президенттик шайлоо менен референдумга табылган каражат парламенттик шайлоого табылбай жатканын таң калуу менен сурады.

"5-6-октябрда митингге чыккан элдин талабы Конституциялык реформа жүргүзүү болгон. Ошондуктан референдумдан кийин парламенттик шайлоо өткөрүү каралган. Шайлоо сөзсүз түрдө июнда эмес, андан эрте да болушу мүмкүн", — деди Бейшенбек кызы.

Деген менен Сооронкулова эл шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн митингге чыкканын айтып өттү. Ал эми жалпы элдин талабы экенин кандай жол менен аныкталганы боюнча суроого ЖКнын өкүлү жооп бере алган жок.

Даттануучулардын бири Нурбек Касымбекова: "Эгер Конституциялык реформа 2021-жылдын июнь айына чейин бүтпөсө, ЖК мөөнөтүн дагы алты айга узартып алышы мүмкүнбү?" — деп сурады. Ага Бейшенбек кызы "ооба, мөөнөтүн дагы узартып алса болот" деп жооп берди.

Президенттик аппараттын өкүлү Таштанбек Чилдебаев судьялардан даттануучулардын кайрылуусун канаатандыруудан баш тартууну сурады.

Ал эми БШКнын юристи Адилет Шаршеналы уулу алгач парламенттик шайлоо 20-декабрга дайындалганын, бирок сот ал токтомду жокко чыгарганын маалымдады.

Референдум болсо шайлоо мыйзамдарын дагы өзгөртүү керек

Аягында жыйынтыктоочу сөз берилип Клара Сооронкулова жоопкер тараптан ынанымдуу жооп ала албаганын айтты.

"Азыр күлүшүмдү же ыйлашымды билбей турам. Шайлоону жылдыруу зарылчылыгы боюнча мени ынандыра турган бир дагы жүйөлүү аргумент уккан жокмун. Эгер биз пандемия жана өзгөчө кырдаалга таянып баарын жасай берсек, укуктук башаламандыкка кептелебиз. Азыр бийликти узурпациялоо процесси жүрүп жатат. Бул иштерге каршы туура алган, жападан жалгыз күч — Конституциялык палата", — деп көз жашын тыя албай калды Сооронкулова.

Мындан улам башкалар жыйынтыктоочу сөзүн айтып бүткөндөн кийин ал кайра чыгып сүйлөдү. Даттануучунун айтымында, эгер референдум өтүп жарымын бир мандаттуу система менен тандоо кабыл алынса, шайлоо мыйзамдарын дагы өзгөртүүгө туура келет. Муну менен парламенттик шайлоо күзгө чейин созуктурулуп кетиши ыктымал.

Андан соң судьялар кеңешүү бөлөмүсүнө чыгып кетип беш сааттан кийин келди.

Отурумга КПнын төрагасы Карыбек Дүйшеев жетекчилик кылып, жети мүчөсү (судьялар) катышты:

  • Эмил Өскөнбаев;
  • Жедигер Саалаев;
  • Мээргүл Бобукеева;
  • Латип Жумабаев;
  • Мукамбет Касымалиев;
  • Кырккелди Кыдырбаев;
  • Жамил Шаршеналиев.

Венеция комиссиясы артын салабы?

Буга чейин Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

Комиссиянын корутундусунда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгиленген. Ошондой эле конституциялык мыйзам токтоп, шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына жана демократиялык оюндун эрежелери бузулганына кабатырланган.

0
Белгилер:
мөөнөт, шайлоо, Парламент, чечим
Тема боюнча
Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду
Парламенттик шайлоо жылса өлкөдөгү абал кандай өзгөрөт? Юристтердин пикири