Бир күндө төрт жакынынан ажыраган бүлө, бычакталган өгөй уул. Октябрдагы өкүмдөр

Жазылуу
Узап кеткен октябрь айында өлкөдөгү фемида өкүлдөрү бир топ чуулуу иштерди карап чыгып, бир катар чечимдерди кабыл алды.

Алардын арасында агасын мыкаачылык менен өлтүргөн эргулдун, өгөй уулуна бычак кезеген ата сөрөйдүн былыктары жана шахтада ууланган төрт адамдын окуясы бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги төбө чачты тик тургузган кылмыштардын айрымдарын сунуштайт.

Өгөй уулуна кол салган "ата"

Жашы жете элек өспүрүм төшөктө мас болуп уктап жаткан үй-бүлө башчысын таяк менен башка чаап качып кеткен. 39 жаштагы эркек уйкудан чочуп ойгонуп 17 жаштагы өгөй уулун кубалап жетип, аны бычак менен сайып жиберген. Канжалаган окуучу көчөдө 70-80 метрдей басып барып эс-учуп жоготуп жыгылган. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер аны ооруканага жеткирип, өмүрүн сактап калган. Бычак шилтеген айыпталуучу өспүрүмдү өлтүрүү ниетинде болбогонун, коркутуу максатында ал кадамга барганын айткан. Буга чейин бир нече жолу соттолгон эргул эми эки жыл камакта болуп, 110 миң сом айып пул төлөйт.

Күйөө баласы сабады делген аял көз жумду. Таякталган кызы өткөн жумада каза болгон

Каргашадан акча издеген...

Ош облусундагы соттук-медициналык экпертиза бюросунда иштеген кызматкер коронавирус илдетинен көз жумган маркумдардын жакындарынан 10 миң сом пара алган. Ал аталган суммадагы акчаны COVID-19дан каза болгон адамды сойбойм деп алган. Милиция кызматкерлери окуя болгондон кийин ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп, жабырлануучуга акчаны кайра кайтарып берген. Териштирүү маалында шектүү кылганын толугу менен мойнуна алып, мамлекетке 18 миң сом айып пул төлөмөр болду.

Агасын бычактаган иниси

Бир тууган ага-ини борбор калаанын чет жакасындагы дачада арак ичип отуруп уруша кеткен. Агасынын сөзүнө, жасаган мамилесине териккен иниси үстөлдө турган бычак менен көкүрөккө сайган. Оор жаракат алган жабырлануучу анча алыс эмес жерде жашаган карындашынын үйүнө качып барып, дарбазасын тыкылдатып жатып жерге кулап калган. Үй ээлери сыртка чыгып, аны ооруканага жеткиргенге үлгүргөнү менен ак халатчандардын колунда көз жумган. Шектүү ошол эле түнү бөлмөдөгү канды тазалап, далилдерди жок кылып, изин жашырып кеткен. Кийин колго түшкөн жигитти соттук-наркологиялык экспертиза аракка берилип кеткенин жана ал дарыланууга муктаж экендигин аныктаган. Фемида өкүлдөрү арактын айынан бир тууганынын жанын кыйган жаранды он жылга эркинен ажыратып, 110 миң сом айып пулга жыкты.

Төрт адамдын өмүрүн алган шахта... Жоопкерчиликсиз жетекчи

Баткен облусунда көмүр казуу үчүн ачылган ишкана мамлекеттик органдардан аталган тармак боюнча лицензия алып, баштаган ишин аягына чыгарган эмес. Алар кен чыккан шахтаны казып, ал жакта тиешелүү көлөмдө көмүр жок экендигин билгенден кийин өндүрүш жайды кароосуз калтырган. Жыйынтыгында жергиликтүү төрт тургун мал издеп барып, шахтадан чыккан газдан ууланып ээн талаада каза болгон. Көз жумгандардын арасында жаш келин, анын кайнатасы, жолдошу жана бир баласы болгон. Сот ишкананын директорун мамлекеттин казынасына 280 миң сом төлөмөр кылып, бирок жазага тарткан эмес.

Алайда энесин өлтүрүп алган окуучу кыз эркиндикке чыгарылды. Окуянын чоо-жайы

6000 сом үчүн кыйылган өмүр

Эки дос адам өлтүрүү үчүн алдын ала даярданып, ортодогу таанышын кечинде үйүнөн чакырып чыгып көчөдө бычактап, кылмыш болгон жерден качып кеткен. Бычак жеген жаран окуя болгон жерде көз жумган. Алардын мындай жолго барышына маркумдун 6000 сом карызын бербей жүргөндүгү себеп болгон. Эми эки зөөкүр 14 жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0