Милиция кызматкери. Архив

Бишкекте жаалданган топ милицияга кол көтөрүп, асманга ок атылды. Видео

568
(жаңыланган 15:57 05.11.2020)
Ок атылган окуя боюнча үч адам кармалган. Ленин райондук милициясы бейбаштык фактысы боюнча иш козгоду.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкекте жаалданган топтун кол салуусунан улам милиция асманга эскертүү иретинде ок атты. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя бүгүнкүгө караган түнү саат 01:25те Дооронбек Садырбаев менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуянын видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, 01:00дө Биринчи май райондук милиция кызматкерлери Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан чыгышкан. Жогоруда айтылган көчө кесилишинде Daewoo Nexia жол эрежесин одоно бузуп, милициянын автоунаасы менен кагышып кете жаздагандыктан аны милиция токтоткон. Айдоочу буга баш ийбестен Толстой — Репин көчөсүнө жакын жердеги кафенин жанына барып токтогон.

"Милиция токтобой кеткен автоунааны башкарган адамдын ким экендигин тактоо учурунда ал жана 10-15 чакты адам айбат көрсөтүп, милицияга күч колдоно баштаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаалданган топту артка кайтаруу үчүн милиция эскертүү иретинде асманга ок атууга аргасыз болгон.

Араванда милиционерди себепсиз уруп жиберди делген киши кармалды

Аягында 22-24 жаштардагы үч жаран кармалган. Окуя болгон жерден октун калдыктары (гильза) жана манжа белгилери алынган. Ал эми Daewoo автоунаасы айып короого киргизилген. Окуя боюнча "Бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Тергөө жүрүүдө.

568
Белгилер:
ок атуу, эскертүү, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте бир телефонду ээсинен тартып алган деп шектелип 9 бала кармалды
Ош шаары. Архив

Эртең менен Ошто жер титиреди

15
Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Ош облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРдин Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

15
Белгилер:
ӨКМ, жер титирөө, Ош облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда катуу жер титиреди
Бейтапты карап жаткан медицина кызматкери. Архив

Соңку бир суткада коронавирус беш адамдын өмүрүн алып кетти

30
(жаңыланган 10:14 27.11.2020)
Учурда өлкөдөгү ооруканаларда COVID-19га чалдыккан 2 875 бейтап жатат. Анын ичинен 115 адамдын абалы өтө оор.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында коронавирус жуктуруп алган беш адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Оорудан ажал тапкандардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда.

Пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен 1 256 кыргызстандык көз жумду.

Мындан сырткары, учурда өлкөдөгү ооруканаларда вирус илештирип алган 2 875 бейтап жатат.

Алардын ичинен:

  • Канааттандырарлык абалда – 53 адам;
  • Орточо оордукта – 1 961;
  • Оор абалда – 746;
  • Өтө оор абалда – 115.

Ал эми 3 698 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Амбулатордук дарыланууда 3 698 бейтап бар.

30
Белгилер:
Кыргызстан, оорукана, дарылануу, өлүм, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева: Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү графиги даяр
Жуктургандардын көбү Бишкекте жашайт. COVID боюнча жаңы статистика