Тез жардам кызматы. Архив

Жол кырсыкка кабылгандардын 80 пайызы үч саатта көз жумат. Себеби

395
(жаңыланган 11:28 07.11.2020)
Куткаруучулар каргашанын көбү айдоочулардын эрежелерди бузуп, белгилерге көңүл бурбай, ылдамдыкты жогорулатып айдаганынан келип чыгарын айткан.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылып жаракат алгандардын дээрлик көбү кан кеткендиктен алгачкы үч саатта көз жумат. Бул тууралуу Россия ӨКМине таянуу менен РИА Новости жазды.

"Автоунаа каргашасына кабылгандардын 80 пайызы алгачкы үч саатта көп кан жоготуудан улам каза болушат", — деп билдиришкен адистер.

Ошондой эле куткаруучулар жол кырсыктын 75 пайызга жакыны айдоочулардын эрежелерди бузуп, белгилерге көңүл бурбай, ылдамдыкты жогорулатып айдагандан келип чыгарын айтышкан. Андан сырткары, каршы тилкеге чыгып, мас абалында автоунаага отургандар да көп кырсыктайт.

Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда

Адистер каргашага тайгак жол, бузук унаа, тагыраагы, тормозу иштебеген, рулу оңдуу башкарылбаган жана ылайыксыз дөңгөлөктөр алып келерин кошумчалаган.

395
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, куткаруучулар
Тема боюнча
Чагылган тийүүдөн кантип сактануу керек. Адистердин кеңеши
Массалык мушташ. Архив

Түндө ЦУМда массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Милициянын видеосу

76
(жаңыланган 22:21 03.12.2020)
Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлүп, бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген. Бирок интернетте андан көп барганы айтылат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн, 3-декабрга караган түнү, Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жанында массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

"Короче" Telegram-каналында ЦУМдун жанында милициянын тогуз унаасы өтүп бараткан видео жүктөлдү.

Бирок кайгуул кызматынын билдиргенине караганда, окуя болгон жерге үч экипаж гана жөнөтүлгөн.

"3-декабрга караган түнү саат 2:30да 102 кызматына ЦУМдун жанында массалык мушташ тууралуу кабар түшкөн. Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлгөн. Бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген", — деп айтылат маалыматта.

Мушташ токтотулуп, 15тей адам Свердлов райондук милициясына алып келинген. 

76
Белгилер:
унаа, милиция, мушташ, ЦУМ, Бишкек
Тема боюнча
Ош шаарында милиционер менен тургундар мушташа кетти. Видео
Түрмөдө отурган кылмышкерлер. Архивдик сүрөт

ЖАМК: абактагы 100дөй адам коронавирус жуктуруп алган, каза болгондору да бар

55
(жаңыланган 17:52 03.12.2020)
Аскат Эгембердиев ЖАМК коронавирусту алдын алуу жана дарылоонун алгоритмин иштеп чыкканын билдирди. Анда төрт ыкчам бригада иштеп жатат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Түзөтүү колонияларындагы соттолуучулардын 100гө жакыны коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев билдирди. Ал "ЖАМК башчысы мунапыс, колониядагы экстремисттер жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча абал жөнүндө" деген аталышта өткөн брифингге катышты. 

Председатель Государственной службы исполнения наказаний Аскат Эгембердиев в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев

Анын айтымында, ЖАМК COVID-19 менен күрөшүүдө бардык чараларды көрүп жатат.

"Пандемиянын биринчи толкунун эске алганда 100дөн ашык соттолуучудан коронавирус табылды. Учурда төртөө дарыланып жатат, калгандары сакайып кетти. Тилекке каршы, төрт адам бул илдеттен көз жумду. Белгилей кетчү жагдай, оорудан улам көз жумгандардын саны былтыркы статистикадай эле. Анда пандемия жок болчу", — деди жетекчи.

Эгембердиев ЖАМК коронавирусту алдын алуу жана дарылоонун алгоритмин иштеп чыкканын кошумчалады.

"Биз төрт ыкчам бригаданы уюштурдук. Медиктер күнү-түнү кырдаалга көз салып турушат. Жалпы 13 медициналык-санитардык бөлүк, төрт саламаттык сактоо пунктусу, эки оорукана бар", — деди ал.

Эгембердиев эгер соттолуучулардын жакындары келсе алардан сөзсүз түрдө ПЦР-анализдин жыйынтыгы талап кылынарын кошумчалады.

55
Белгилер:
коронавирус, абак, ЖАМК
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Жапаровдун мунапысы менен абактан чыккан 230 адам кайсы кылмышы үчүн соттолгон
УКМК: Камчы Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 түзөтүү жайына которулду