Атасы, уул-келини мүрт кетти. Суусамырдагы үрөй учурган жол кырсыктын сүрөттөрү

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн таңда Toyota Camry Бишкекти көздөй келе жатып Ош тарапка бараткан оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош автоунаа жолунун 172-чакырымында, Суусамыр өрөөнүндө Toyota Camry менен жүк ташуучу фура кагышып, үч адам набыт болду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 7-ноябрда, эртең менен саат 6:30дар чамасында болгон. Toyota Camry Бишкекти көздөй келе жатып Ош тарапка бараткан оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

“Учурда кайсы автоунаа каршы тилкеге чыгып кеткени аныкталууда. Кырсыктын кесепетинен үч адам мүрт кеткен. Алар жеңил машинанын 60 жаштагы айдоочусу, анын 36 жаштагы баласы жана келини (каза болгон уулунун жубайы) болгон. Мындан тышкары үч киши ар кандай жаракаты менен ооруканага жаткырылды”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя болгон жерде Жайыл районунун тергөөчүлөрү иштеп жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындала турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0