Орто-Сай базарында түндө болгон өрт

Күлгө айланган товарлар. "Орто-Сай" базарында чыккан өрттөн кийинки көрүнүш

397
(жаңыланган 12:05 09.11.2020)
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталып жатканы кошумчаланды. Каза болгондор жана жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова "Орто-Сай" базарынын өрттөн кийинки көрүнүшүн Facebook баракчасына жарыялады.

Сүрөттөрдөн эч нерсеси калбай калган павильондорду көрүүгө болот.

Эске салсак, ири базардагы өрт 9-ноябрга караган түнү саат 00:18дер чамасында башталган. Ал түнкү саат 02:16ларда чектөөгө алынып, толугу менен эртең мененки саат 8:55те өчүрүлгөн. ӨКМдин маалыматы боюнча, болжол менен 1800 чарчы метр жер күйгөн.

Кыпкызыл чокко айланган базар. "Орто-Сайды" каптаган өрттүн асмандан көрүнүшү

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталып жатканы кошумчаланды. Каза болгондор жана жабыркагандар жок.

397
Белгилер:
ӨКМ, Сүрөт, өрт, Орто-Сай базары, Бишкек
Тема боюнча
Аким: өрт өчүрүүчүлөргө "Орто-Сай" базарынын кире беришинде тоскоолдук жаралган
Таң атканча иштешкен. "Орто-Сай" базарындагы өрттү өчүрүп жаткан видео
Кары киши. Архивдик сүрөт

Беш айдан бери дайынсыз. Чүйдө 61 жаштагы киши изделүүдө

20
(жаңыланган 16:28 02.12.2020)
Издөө салынган киши күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Чүйдө беш айдан бери 61 жаштагы киши изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. 

Без вести пропавший Сулайманов Сайдали
© Фото / пресс-служба ОВД Московского района
Жоголуп кеткен 61 жаштагы Москва районунун Беш-Терек айылынын жашоочусу Сайдалы Сулайманов

Ага ылайык, жоголгон Сайдалы Сулайманов Москва районунун Беш-Терек айылында жашачу. Ал үйүнөн 2020-жылдын 15-июнунда чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Изделип жаткан кишинин бою 170-175 сантиметр, чачын ак баскан, кыска. Көздөрү кара, кашы калың. Ал күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

Дайынсыз жоголуп жаткан киши тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Чүй ОИИБ (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85 телефондоруна, ал эми Москва райондук ИИБ (0312) 60-77-27, 0550 22-17-17,0707 54-21-71 номерлерине чалып коюуну өтүндү.

20
Белгилер:
Чүй облусу, милиция, белги, издөө
Тема боюнча
Баткенде жоголгон аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатат. Сүрөт
Көз айнек жана сом купюралары. Архив

Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду мамлекетке 13 млн. сом зыян келтиргени аныкталды

81
(жаңыланган 13:16 02.12.2020)
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мыйзамсыз аракеттерди жасаган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мамлекетке 13 миллион сомдон ашуун зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы социалдык объектилерди курууга сарпталган акчанын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

Мааламатка караганда, аталган дирекция 2016-2019-жылдары З.С. аттуу жоопкерчилиги чектелген коому менен Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылына спорт зал куруу үчүн келишим түзгөн. 2019-жылдын 4-мартында спорт зал пайдаланууга берилген.

"Бирок дирекциянын өкүлдөрү пайда көрүү үчүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып З.С. ЖЧКсынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып айрым иштерди жогорулатылган баада жасаткан. Ошондой эле аткарылбаган иштер дагы сметага кирип калган. Анын кесепетинен мамлекетке 4 миллион 324 миң 200 сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2014-2018-жылдар аралыгында Тоң районунун Тоң айылында бала бакча куруу үчүн дирекция менен жогоруда аталган ЖЧКнын ортосунда келишим түзүлүп, курулушу бүткөрүлдү делген бала бакча 2018-жылдын 29-майында пайдаланууга берилген.

"Мында дагы тараптар сүйлөшүп алып мамлекетти 4 миллион 378 миң 100 сом зыянга учураткан", — дешти Башкы прокуратурадан.

Мындан тышкары, 2015-2018-жылдар аралыгында Балыкчы шаарында бала бакча курууда дирекциянын кызмат адамдары менен ТИП коомунун кызматкерлеринин ушундай эле кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке 4 миллион 338 миң 700 сом зыян келтирилгени айтылды.

Мамлекетке жалпы жонунан 13 миллион 041 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Белгиленген фактылар Ыссык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

81
Белгилер:
бюджет, коррупция, фонд, өнүктүрүү, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Прокуратура 10 млн. сомдук жер тилкени мамлекетке кайтарды
Прокуратура: Бишкекте иштебеген мугалимдерге айлык төлөнгөн факты аныкталды
Шайлоо участогундагы электрондук урна. Архив

КП парламенттик шайлоонун узартылышы боюнча өз чечимин түшүндүрдү

0
КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды. Жыйынга Карыбек Дүйшеев төрагалык кылып, палатанын калган жети мүчөсү да катышты.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку соттун Конституциялык палатасы (КП) парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн узартылышын эмне үчүн мыйзамдуу деп тапканын түшүндүрдү.

КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды. Жыйынга Карыбек Дүйшеев төрагалык кылып, палатанын калган жети мүчөсү да катышты.

Маалыматка караганда, мамлекет кандайдыр бир өзгөчө абалга кабылбайт деп кепилдик берүү мүмкүн эмес. Андыктан мындай кырдаалдар жаралганда айрым мыйзамдарды шашылыш түрдө кабыл алып, пайдаланса болот.

“Өлкөнүн ошол кезде масштабдуу социалдык-саясий кризисте турганын тана албайбыз. Ошол себептүү Жогорку Кеңештин өзгөчө абал учурунда шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга жана башка маанилүү чечимдерди кабыл алууга укугу бар болчу”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңеш саясий кризистен, социалдык чыңалуудан чыгуу үчүн, ошондой эле бийликтин ишинин эффективдүүлүгүн кармап туруу үчүн ар кандай чечим кабыл алса болору кошумчаланды.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө белгиленген. Аталган мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Азыркы парламенттин беш жылдык мөөнөтү 28-октябрда аяктаган.

Ал эми БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

Буга чейин Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

0
Белгилер:
шайлоо, чечим, Жогорку Кеңеш, Конституциялык палата
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди