Автоунаа уурдап, дагы 4 кылмышка шектелген өспүрүмдүн видеосу

194
(жаңыланган 12:34 10.11.2020)
ИИМдин Криминалдык милиция кызматы (КМК) бир нече автоунааны айдап качкан шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактап, колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирип, алгачкы сурактын видеосун жарыялады.

Кармоо ишине КМКнын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлерине аймактык бөлүктөр көмөк көрсөтүшкөн.

2020-жылдын 6-ноябрь күнү милицияга автоунаанын уурдалгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Шаардагы кичи райондордун биринде түн ичинде белгисиз адамдар 44 жаштагы жаранга таандык Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны уурдап айдап качышкан. Аталган факты КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 206-беренеси ("Автомототранспорттук каражаттарды айдап качуу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Андан сырткары, ушундай эле фактылар менен башка дагы кайрылуулар болгон. Милиция кызматкерлери бир нече божомолдун үстүндө иштеп, шектүүлөрдүн кайда жүргөн жерин аныкташкан.

Караколдо бакты сүзүп каза болгон жигит автоунааны айдай качкан. Сүрөт

Ыкчам топ тарабынан Жалал-Абад ОИИБдин ыкчам кызматтарына уурдалып бара жаткан автоунаада шектүүлөр Бишкек - Ош жолу менен бара жаткандыгын маалымдашкан. Тийиштүү кызматкерлер аталган автоунааны токтотуп, Ош облусунун С.А. менен А.Р. аттуу тургундарын кармашкан. Экөө тең өспүрүм болуп чыккан. Алардын бири тоноо кылмышы үчүн соттолгону дайын болду.

Маалыматка ылайык, кармалгандар Бишкек шаарынын аймагында Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааларды уурдоо боюнча төрт фактыга тиешеси бар деп шектелүүдө.

Кармалгандар автоунаалардын айрымдарын жол кырсыгына учуратып, талкалашып, таштап кетип жүрүшкөн. Автоунаалардын ичинен буюмдарды да уурдап кетишкендиги белгилүү болду. Болжолдуу маалыматтар боюнча, акыркы айдап качкан автоунааны сатып жиберүүнү максат кылышкан.

Учурда бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

194
Белгилер:
шектүү, милиция, уурдоо, автоунаа, кылмыш
Тема боюнча
Дарыканадан акча уурдай качып, кайра кайтарып камалган жигиттин маеги
Балдар үйүндө өскөм. Бишкектен автоунаа уурдады делген улан Таш-Көмүрдөн кармалды
Массалык мушташ. Архив

Түндө ЦУМда массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Милициянын видеосу

96
(жаңыланган 22:21 03.12.2020)
Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлүп, бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген. Бирок интернетте андан көп барганы айтылат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн, 3-декабрга караган түнү, Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жанында массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

"Короче" Telegram-каналында ЦУМдун жанында милициянын тогуз унаасы өтүп бараткан видео жүктөлдү.

Бирок кайгуул кызматынын билдиргенине караганда, окуя болгон жерге үч экипаж гана жөнөтүлгөн.

"3-декабрга караган түнү саат 2:30да 102 кызматына ЦУМдун жанында массалык мушташ тууралуу кабар түшкөн. Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлгөн. Бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген", — деп айтылат маалыматта.

Мушташ токтотулуп, 15тей адам Свердлов райондук милициясына алып келинген. 

96
Белгилер:
унаа, милиция, мушташ, ЦУМ, Бишкек
Тема боюнча
Ош шаарында милиционер менен тургундар мушташа кетти. Видео
Түрмөдө отурган кылмышкерлер. Архивдик сүрөт

ЖАМК: абактагы 100дөй адам коронавирус жуктуруп алган, каза болгондору да бар

57
(жаңыланган 17:52 03.12.2020)
Аскат Эгембердиев ЖАМК коронавирусту алдын алуу жана дарылоонун алгоритмин иштеп чыкканын билдирди. Анда төрт ыкчам бригада иштеп жатат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Түзөтүү колонияларындагы соттолуучулардын 100гө жакыны коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев билдирди. Ал "ЖАМК башчысы мунапыс, колониядагы экстремисттер жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча абал жөнүндө" деген аталышта өткөн брифингге катышты. 

Председатель Государственной службы исполнения наказаний Аскат Эгембердиев в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев

Анын айтымында, ЖАМК COVID-19 менен күрөшүүдө бардык чараларды көрүп жатат.

"Пандемиянын биринчи толкунун эске алганда 100дөн ашык соттолуучудан коронавирус табылды. Учурда төртөө дарыланып жатат, калгандары сакайып кетти. Тилекке каршы, төрт адам бул илдеттен көз жумду. Белгилей кетчү жагдай, оорудан улам көз жумгандардын саны былтыркы статистикадай эле. Анда пандемия жок болчу", — деди жетекчи.

Эгембердиев ЖАМК коронавирусту алдын алуу жана дарылоонун алгоритмин иштеп чыкканын кошумчалады.

"Биз төрт ыкчам бригаданы уюштурдук. Медиктер күнү-түнү кырдаалга көз салып турушат. Жалпы 13 медициналык-санитардык бөлүк, төрт саламаттык сактоо пунктусу, эки оорукана бар", — деди ал.

Эгембердиев эгер соттолуучулардын жакындары келсе алардан сөзсүз түрдө ПЦР-анализдин жыйынтыгы талап кылынарын кошумчалады.

57
Белгилер:
коронавирус, абак, ЖАМК
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Жапаровдун мунапысы менен абактан чыккан 230 адам кайсы кылмышы үчүн соттолгон
УКМК: Камчы Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 түзөтүү жайына которулду
Видеоконференция Министра иностранных дел Кыргызстана Руслана Казакбаева с Послом США в Кыргызстане Дональдом Лу. 03 декабря 2020 года

Министр Казакбаев АКШ элчиси менен сүйлөштү. Ортодо эмне кеп болду

0
(жаңыланган 23:36 03.12.2020)
Кыргызстандын тышкы иштер министри АКШ элчиси менен сүйлөштү. ТИМдин маалымат кызматы дипломаттар эмнелерди талкуулаганын айтып берди.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын элчиси Дональд Лунун сүйлөшүүсүндө кыргыз тарап Америка элчилигинин өлкөдөгү окуяларга байланыштуу билдирүүлөрүнүн маанисин белгиледи. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

  • Видеоконференция Министра иностранных дел Кыргызстана Руслана Казакбаева с Послом США в Кыргызстане Дональдом Лу. 03 декабря 2020 года
    Видеоконференция Министра иностранных дел КР с Послом США
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Видеоконференция Министра иностранных дел Кыргызстана Руслана Казакбаева с Послом США в Кыргызстане Дональдом Лу. 03 декабря 2020 года
    Видеоконференция Министра иностранных дел КР с Послом США
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Видеоконференция Министра иностранных дел КР с Послом США

Жолугушуу видео байланыш аркылуу өттү.

Дипломаттар өз ара пикир алышып, экономикалык кызматташтык, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коррупцияга каршы аракеттенүү, ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында кызматташуу маселелерине токтолду. Өлкөдө саясий системанын инклюзивдүүлүгүн андан ары өнүктүрүүгө, демократиялык институттарды жана мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган радикалдуу реформаларды жүргүзүү боюнча биргелешип аракеттенүү зарылдыгы тууралуу макулдашылды", — деп айтылат билдирмеде.

АКШ элчилиги Кыргызстандагы окуялар боюнча байма бай комментарий берип турат. Жакында дипломатиялык өкүлчүлүк АКШ президентикке талапкерлердин конституциялык реформа боюнча референдумду жазга же андан кийинкиге жылдыруу сунушун колдой тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан. Ошол эле учурда АКШ конституциялык реформа кандайча жүрүшү керектигин көрсөткөн.

0
Тема боюнча
Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды