Сузакта милиция кызматкери 30 000 сом пара алып жатканда кармалды

Жазылуу
УКМКдан кармалган милиция кызматкери арыз ээсинен миң доллар талап кылгандыгын айтышты. Учурда ал Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкери 30 000 сом пара алып жатканда кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЖалал-Абаддагы Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкери 30 000 сом пара алып жатканда кармалды
Сузакта милиция кызматкери 30 000 сом пара алып жатканда кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддагы Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкери 30 000 сом пара алып жатканда кармалды
"Кармалган адам (милиция кызматкери -ред. ) жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен 1000 доллар талап кылгандыгы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Кабинетте каткырып, акча жыйнап... Аткаминердин пара алып жаткан видеосу

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Маалымат кызматы кармалган милиция кызматкеринин Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0