Перс булуңуна жөнөтүп. КРде мыйзамсыз миграция иштерин уюштурган көмүскө канал табылды

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүЖүргүнчүлөрдү текшерип жаткан бажы кызматкери. Архив
Жүргүнчүлөрдү текшерип жаткан бажы кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумушка орноштурган жеке компаниялардын биринин кызматкерлери Перс булуңундагы өлкөлөргө мыйзамсыз чыгууга көмөк көрсөтүп келишкен.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы иштөө боюнча кызматы Кыргызстандын аймагынан тышкары мыйзамсыз миграцияны уюштургандарды аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз бөлүмүнөн кабарлады.

Маалыматка ылайык, жумушка орноштуруучу жеке компаниялардын биринин кызматкерлери кыргызстандыктардын Перс булуңундагы өлкөлөргө мыйзамсыз чыгуусуна көмөк көрсөтүп келишкен. Алардын Кыргызстан жарандарын башка өлкөлөргө жумушка орноштуруу боюнча ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна уруксаты жок болгон.

Бангладештен Өзбекстанга 900 мигрант иштегени келет

"Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРдин Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси ("Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу") боюнча катталды. Ал эми жумушка орноштуруу боюнча агенттиктин жетекчиси Ж.А. аттуу аялдын өзүнө анын шек жаратып жатканы туурасында кабарланды", — деп айтылат маалыматта.

Маалымат кызматы бул боюнча топтолгон материалдар жакынкы күндөрү сотко жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0