Кишенчен киши. Архив

Сузакта бири-бирин аткылаган эки кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Сүрөт

287
(жаңыланган 20:15 11.11.2020)
Кармалгандар ээнбаштык кылган, мыйзамсыз курал алып жүргөн жана укук коргоо органынын өкүлүнө каршылык көрсөткөн деп айыпталууда.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгы Сузактагы эки топтун ортосундагы кылмыштуу тирешүүлөргө катышкан адамдарды кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

  • Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгы Сузактагы эки топтун ортосундагы кылмыштуу тирешүүлөргө катышкан адамдарды кармады
    Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгы Сузактагы эки топтун ортосундагы кылмыштуу тирешүүлөргө катышкан адамдарды кармады
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Алар 8-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон ээнбаштык, курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү фактыларына, анын ичинде укук коргоо органынын өкүлүнө каршылык көрсөткөн деп шектелүүдө
    Алар 8-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон ээнбаштык, курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү фактыларына, анын ичинде укук коргоо органынын өкүлүнө каршылык көрсөткөн деп шектелүүдө
    © Фото / пресс-служба МВД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МВД КР
Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгы Сузактагы эки топтун ортосундагы кылмыштуу тирешүүлөргө катышкан адамдарды кармады

Алар 8-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон ээнбаштык, курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү фактыларына, анын ичинде укук коргоо органынын өкүлүнө каршылык көрсөткөн деп шектелүүдө.

Бул боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине төрт факты катталган.

"Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында 27-октябрда атайын операция жүргүзүлүп, эки кылмыштуу топтун алты мүчөсү кармалган. Андан соң ок атуу менен коштолгон криминалдык тирешүүгө катыштыгы бар деп шектелген дагы эки жаран колго түшүрүлдү. Алар Сузак районунун тургундары болгон, бирок эки башка топтун мүчөлөрү. Биринчиси М.З. аттуу киши 29 жашта, экинчиси Ш.Н. 29 жашта, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат", — деп айтылат маалыматта.

Кылмыштуу топ ишкердин мойнуна 100 миң доллар илип койгон. Шектүүлөр кармалды

Ошондой эле чыр-чатак учурунда айдап жүргөн Lexus үлгүсүндөгү автоунаа табылып, айып короого киргизилген.

ИИМдин Тергөө кызматы жогорудагы фактылар боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн улантууда.

287
Белгилер:
факты, атышуу, кармоо, уюшкан кылмыштуу топ, ИИМ
Тема боюнча
"Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү кармалды. Ал эмнеге шектелүүдө
Бишкекте бир телефонду ээсинен тартып алган деп шектелип 9 бала кармалды
Бишкекте жарандын ишенимине кирүү менен 100 миң долларын алып из жашырган киши кармалды.

Батирин сатымыш болуп аялдын 100 миң долларын алып койгон. Шектүү кармалды

85
(жаңыланган 17:13 04.12.2020)
Шектүүнүн башка дагы ушундай кылмыштарга тийиштиги бар-жогу текшерилип жатат. Бул адамдан жабыркагандар милицияга кайрылса болот.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкекте жарандын ишенимине кирүү менен 100 миң долларын алып из жашырган киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Октябрь райондук милициясына З.Е. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал март айында О.Т. аттуу жаран борбор калаадагы Каралаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бирин сатам деп, ошол эле жерден андан 100 миң 150 долларын алып калганын айткан. Кийин шектүү убадасын аткарбастан из жашырып кеткен.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча каттоого алынган.

"Ыкчам издөө иш-аракеттеринин негизинде 33 жаштагы О.Т. аттуу шектүү кармалды. Ал Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү ижарага алынган батиринде жашап жүргөн. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда анын башка дагы ушундай кылмыштарга тийиштиги бар-жогу текшерилип жатат. Бул адамдан жабыркагандар болсо 0(772) 33-32-01, 0(707) 81-44-44 же 102 номерлерине кайрылууга болот.

85
Белгилер:
шектүү, батир, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунан 18 жаштагы куралчан жаран кармалды. Сүрөт
Жолдон чуркап өтүп бараткан кыз. Архивдик сүрөт

Өзгөндө окуучу кызды унаа учура сүзгөн окуя видеого түшүп калган

133
(жаңыланган 15:36 04.12.2020)
Окуя 2-декабрь күнү Бишкек — Ош жолунун 613-чакырымында, тагыраагы, Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өзгөн шаарында алты жашар кыз баланы унаа коюп кетти. Бул тууралуу Облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал эми окуянын видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Маалыматка караганда, окуя 2-декабрь күнү Бишкек — Ош жолунун 613-чакырымында, тагыраагы, Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө саат 11:30дар чамасында болгон.

"Өзгөн районунун 32 жаштагы жашоочусу Daewoo Tiko үлгүсүндөгү унаасы менен алты жаштагы кызды жөө адамдар өтө турган чийинден коюп кеткен. Натыйжада ал жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган", — деди Теңизбаев.

Өзгөн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

133
Белгилер:
жол кырсык, Өзгөн
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Тогуз-Торо: Кара-Көөдө автокырсыктан бир адам каза таап, төртөө жабыркады
Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев. Архив

Артем Новиков Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берди

0
(жаңыланган 19:04 04.12.2020)
Өлкөнүн башкы салыкчысынын сөгүш алышына "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө пунктундагы иштер себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берилгенин билдирди.

Анда Абдалиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы белгиленет.

Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Жакында эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго каарын төккөн. Анын ачуусун келтиргени — ноябрдын аягында ишке кирип, товарлардын эсебин ала турган системанын алигече үкөктөн чыгарылбай турганы болгон.

Бирок кийин салык кызматы ал иштерге башка мамлекеттик органдар жооптуу экенин айтып билдирүү тараткан.

0
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, сөгүш, өкмөт
Тема боюнча
Новиковго жооп бере албай буйдалган салыкчы. Видео
Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди