Бишкекте вагондо өрт чыгып, бир адам каза болду

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү учурунда ӨКМ кызматкери. Архив
Өрт өчүрүү учурунда ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо менен кармашууга бир өрт өчүрүүчү автоунаа тартылган. Өрт саат 22:15те толугу менен өчүрүлгөн.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде вагон күйүп, бир адам каза болду. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.

Өрт тууралуу маалымат түшөрү менен саат 20:36да бир бригада чыгып кеткен.

Вагондон чыккан өрт саат 21:10до чектөөгө алынып, саат 22:15те толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болгону айтылды, учурда анын ким экени такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0