Суучул издөө иштери учурунда. Архивдик сүрөт

Таш-Көмүрдөгү көлмөдөн эркек кишинин сөөгү табылды

37
(жаңыланган 10:11 12.11.2020)
ӨКМдин кызматкерлери маркумдун сөөгүн суудан чыгаргандан кийин ИИМдин өкүлдөрүнө өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарындагы көлмөдөн эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

11-ноябрь күнү саат 13:59да Шамалды-Сай ГЭСиндеги көлмөдө эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бишкектеги батирлердин биринен ӨКМ кызматкерлери кемпирдин сөөгүн табышты

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

37
Белгилер:
көлмө, сөөк, куткаруучу, ӨКМ, Таш-Көмүр шаары, Жалал-Абад
Тема боюнча
Куткаруучулар Бишкекке жакын көлмөдөн эркек кишинин сөөгүн табышты
Бишкектеги батирлердин биринен ӨКМ кызматкерлери кемпирдин сөөгүн табышты
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү, президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы Курманбек Дыйканбаев. Архив

Шайлоодо 7 млн. талап кылган. Президенттин ЖКдагы өкүлү Дыйканбаев кармалды

975
(жаңыланган 20:30 24.11.2020)
Дыйканбаев парламенттик шайлоо маалында мамлекеттик ишкананын башчысын бир партия үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаганы айтылууда.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары рангындагы Курманбек Дыйканбаев кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дыйканбаев октябрдагы парламенттик шайлоо өнөктүгү маалында стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишкананын башчысын бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаган. Эгер баш тарта турган болсо, кызматтан кетирерин айтып коркутканы тергөөдө аныкталган.

"Курманбек Дыйканбаев мыйзамсыз алган акчасын шайлоо алдындагы үгүт иштерине колдонгон. Муну менен ал кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып шайлоочулардын көп добушун алуу максатын көздөгөн", — деп айтылат маалыматта.

Президенттин ЖКдагы өкүлү бүгүн, 24-ноябрда, кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш жасаган деп шектелүүдө.

УКМК бул багытта иштер мындан ары дагы улантылып, өз убагында коомчулукка жарыяланып турарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Дыйканбаев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Биримдик" партиясы менен катышып, 58-тизмеде турган.

975
Белгилер:
Курманбек Дыйканбаев, шайлоо, кармоо, УКМК
Тема боюнча
Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев эки айга тергөө абагына камалды
Пострадавший автомобиль в дтп на штрафстоянке в Бишкеке

Кочкордо жылкы сүзүп кырсыктаган автоунаадагы 19 жаштагы кыз каза болду

176
(жаңыланган 10:17 24.11.2020)
Окуя кечээ кечинде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган. Кырсыктан дагы үч кишинин жабыркаганы айтылат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Нарындын Кочкор районунда жылкыны сүзүп кырсыкка кабылган автоунаадагы бир жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Окуя кечээ кечинде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган.

"Кочкор районундагы Төлөк айылында 23-ноябрь күнү саат 22:10до Nexia унаасынын айдоочусу жылкыны сүзүп жолдон чыгып кеткен. Кырсыктан 19 жаштагы бир кыз каза болуп, 27, 23 жана 21 жаштардагы үч эркек адам жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Жерине ӨКМдин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

176
Белгилер:
ӨКМ, Нарын, өлүм, кырсык, автоунаа
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Элчибек Жантаев бараткан унаа оодарылып кетти
Турсунбек Жумабеков. Архив

Бүгүн дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышуу ниетинен кайтты

0
(жаңыланган 23:08 24.11.2020)
Сок өндүрүү боюнча компаниянын башчысы, 44 жаштагы Жумабеков шайлоонун алдында жарыштан четтеген 16-жаран болду.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Президенттикке талапкерлигин койгон Турсунбек Жумабеков жарышка катышуудан баш тартып, арызын артка чакыртып алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ушуну менен мамлекетти башкарууга ниеттенгендердин саны 47ге түштү.

Сок өндүрүү боюнча компаниянын башчысы, 44 жаштагы Жумабеков шайлоонун алдында жарыштан четтеген 16-жаран болду.

Эске салсак, шайлоого катышууга жалпы жонунан 65 киши арыз берген. Бирок талапкерликти көрсөтүү процесси аяктаганга чейин эле эки жаран арызын чакыртып алган. Ошентип Боршайком 63 атаандаштын документтерин кароого киришкен, алар менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.

0
Белгилер:
каттоо, талапкер, шайлоо, БШК
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
БШК президент болом деген 12 талапкерди жарыштан четтетти
Шайлдабекова президенттик шайлоону өткөрүү штабына теңтөрайым болду