Жол кырсыктан кийинки автоунаа. Архив

Кочкордо эки автокөлүк сүзүшүп, алты адам жабыркады

82
(жаңыланган 11:15 13.11.2020)
12-ноябрдын түнүндө Бишкек — Нарын —Торугарт унаа жолунда Honda HR-V жана Golf III автоунаалары кагышкан.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кочкор районунда эки автоунаа кагышып, алты адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

12-ноябрь күнү саат 23:22 чамасында Бишкек — Нарын —Торугарт унаа жолунун 210-чакырымында Honda HR-V жана Golf III автоунаалары кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 21 жаштагы үч жигит жана 37, 38 жаштагы үч киши жабыркаган.

Кара-Кечеде көмүр ташыган автоунаа оодарылып, бир киши каза болду. Видео

ӨКМдин куткаруучулары жабыркагандарды автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп бергени маалым болду.

82
Белгилер:
тез жардам, ӨКМ, эркек, жол кырсык, Нарын, Кочкор
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (280)
Тема боюнча
Сузакта автоунаа жардан кулап, 46 жаштагы айдоочусу каза тапты
Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында эл ташыган маршрутка оодарылып кетти

Бишкектин четинде эл ташыган маршрутка оодарылып калды. Видео

91
(жаңыланган 16:34 28.11.2020)
Жабыркагандар бар, бирок алардын саны канча экени белгисиз болууда. Милициянын атайын тобу жеринде иштеп жатат.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында эл ташыган маршрутка оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек милициясынан билдиришти.

Жол кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрдан микроавтобус саат 11:00дөр чамасында оодарылып кеткенин, ичинен адамдар чыгарылып жатканын көрүүгө болот.

Күбөлөрдүн айтымында, жол тайгак болгондуктан айдоочу рулду башкара албай калган.

Милиция болсо азырынча так маалымат жок экенин, атайын топ жеринде иштеп жатканын кабарлады. Жабыркагандар бар, бирок алардын саны канча экени белгисиз болууда. 

Тез жардам кызматы жерине унаа жиберилгенин, бирок жарандар ооруканага баруудан баш тарткандыктан кайра артка кайтканын маалымдады.

91
Белгилер:
милиция, маршрутка, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (280)
Тема боюнча
Талкаланып кеткен... Бишкек – Ош жолунда унаа кырсыгынан алты адам жабыркады
Ош шаарында Алишер Навои көчөсүндөгү Достук көпүрөсүндө 28-ноябрь күнү жааган кардан улам суу топтолуп, унаа тыгыны пайда болду

Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео

242
Ушул тапта "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерлери көпүрөдөгү сууну көпүрөнүн астындагы "Ак-Буура" дарыясына агызып салуу аракеттерин көрүп жатышат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ош шаарында Алишер Навои көчөсүндөгү "Достук" көпүрөсүндө 28-ноябрь күнү жааган кардан улам суу топтолуп, унаа тыгыны пайда болду. Сууну азайтуу үчүн жеринде "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иштеп жатканын Sputnik агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.

"Учурда аталган көпүрө аркылуу Абсамат Масалиев жана Ленин көчөлөрүнө чыгуучу жолдо унаа тыгыны жаралды. "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин айтымында, көпүрөгө коюлган суу түтүктөрүнүн көлөмү кичине болгондуктан суу дарыяга түшпөй көпүрөгө топтолуп калган", — деди кабарчы.

Ушул тапта кызматкерлер көпүрөдөгү сууну көпүрөнүн астындагы "Ак-Буура" дарыясына агызып салуу аракеттерин көрүп жатышат.

Эске салсак, Ошто бул эстакадалык көпүрө 2015-жылы колдонууга берилген. Көпүрөнүн узундугу 265 метр, автомобиль кыймылы төрт тилке менен жүрөт.

242
Белгилер:
көйгөй, кар, тыгын, көпүрө, Ош шаары
Тема боюнча
Бишкек – Ош жолуна чектөө киргизилип, бардык унаалар текшерилип жатат