Бизнесменге курал менен кол салды делген киши Бишкектен кармалды. Сүрөт

Жазылуу
Кылмыш үстүбүздөгү жылдын башында каттоого алынган. Шектүүгө издөө жарыяланып, баш коргоо чарасы сыртынан тандалган.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Ысык-Ата районунда ишкерге курал менен кол салууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал БТР деген каймана атты алып жүрөт. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Кылмыш жыл башында жасалган. Маалыматка караганда, бизнесменди курал менен коркутуп буюмдарын алып кетишкен. Эмне болгон буюмдар экени тергөөнүн сырдуулугуна байланыштуу айтылган эмес. 

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиУюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү
Бизнесменге курал менен кол салды делген киши Бишкектен кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү

Милиция фактыны каттоого алгандан кийин шектүүнүн ким экенин аныктап, издөө жарыялаган. Ал эми сот анын баш коргоо чарасын сыртынан карап, камакка алуу чечимин чыгарган.

Кечээ күнү 28 жаштагы Т.А. аттуу шектүү Бишкектен кармалып, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0