Алтын тапчу карьер. Архивдик сүрөт

Прокуратура: Жалал-Абадда алтын чыккан 199 гектар жер жең ичинен берилип кеткен

353
(жаңыланган 18:08 16.11.2020)
Мамлекеттик органдардын жетекчилери жең ичинен сүйлөшүп, 199 гектар жерге лицензия берип жибергени айтылат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Алтын кен иштетүүдө мамлекетке 113,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген факты аныкталып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 2014-жылдын 22-январында Геологиялык жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Жалал-Абад облусунун аймагында алтын кенин иштетүү үчүн компаниялардын бирине 700,03 гектар жер тилкесине лицензия берген.

Бирок 2016-жылдын март айында мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, лицензияда көрсөтүлгөндөн сырткары дагы 199 гектар жерди берип жиберишкен.

Мунун натыйжасында мамлекетке 113,7 миллион сом зыян келтирилгени белгиленет.

Аталган факты үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү жөнүндө сотко доо арыз жиберилип, учурда кароо алдында турганы маалымдалды.

353
Белгилер:
өндүрүүчү, компания, лицензия, казуу, алтын кени, Жалал-Абад
Тема боюнча
82 млн. сомдук көмүр... Ошто Сүйүн Өмүрзаковдун прокурор иниси кармалды. Сүрөт
30 күн убакыт берем, уурдаган акчаңарды кайтаргыла! Жапаровдун видеокайрылуусу
Ош шаарында Алишер Навои көчөсүндөгү Достук көпүрөсүндө 28-ноябрь күнү жааган кардан улам суу топтолуп, унаа тыгыны пайда болду

Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео

207
Ушул тапта "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерлери көпүрөдөгү сууну көпүрөнүн астындагы "Ак-Буура" дарыясына агызып салуу аракеттерин көрүп жатышат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ош шаарында Алишер Навои көчөсүндөгү "Достук" көпүрөсүндө 28-ноябрь күнү жааган кардан улам суу топтолуп, унаа тыгыны пайда болду. Сууну азайтуу үчүн жеринде "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иштеп жатканын Sputnik агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.

"Учурда аталган көпүрө аркылуу Абсамат Масалиев жана Ленин көчөлөрүнө чыгуучу жолдо унаа тыгыны жаралды. "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин айтымында, көпүрөгө коюлган суу түтүктөрүнүн көлөмү кичине болгондуктан суу дарыяга түшпөй көпүрөгө топтолуп калган", — деди кабарчы.

Ушул тапта кызматкерлер көпүрөдөгү сууну көпүрөнүн астындагы "Ак-Буура" дарыясына агызып салуу аракеттерин көрүп жатышат.

Эске салсак, Ошто бул эстакадалык көпүрө 2015-жылы колдонууга берилген. Көпүрөнүн узундугу 265 метр, автомобиль кыймылы төрт тилке менен жүрөт.

207
Белгилер:
көйгөй, кар, тыгын, көпүрө, Ош шаары
Тема боюнча
Бишкек – Ош жолуна чектөө киргизилип, бардык унаалар текшерилип жатат
Бишкек – Ош жолунун 662-чакырымында Mersedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа жол четиндеги тосмону сүзүп, алты киши жабыркады

Талкаланып кеткен... Бишкек Ош жолунда унаа кырсыгынан алты адам жабыркады

129
(жаңыланган 12:17 28.11.2020)
Кырсыктан жабыркагандар Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Окуя Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү Медресе айылында болгон.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкек – Ош жолунун 662-чакырымында Mersedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа жол четиндеги тосмону сүзүп, алты киши жабыркады. Бул тууралуу Ош облустук  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт жана насаат иштери боюнча өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

  • Последствия ДТП с участием микроавтобуса Mercedes-Benz на трассе Бишкек — Ош
    Бишкек – Ош жолунун 662-чакырымында Mersedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа жол четиндеги тосмону сүзүп, алты киши жабыркады
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Последствия ДТП с участием микроавтобуса Mercedes-Benz на трассе Бишкек — Ош
    Кырсыктан жабыркагандар Ош облустук ооруканасына жеткирилген
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Последствия ДТП с участием микроавтобуса Mercedes-Benz на трассе Бишкек — Ош
    Окуя Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү Медресе айылында 28-ноябрга караган түнү болгон
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Последствия ДТП с участием микроавтобуса Mercedes-Benz на трассе Бишкек — Ош
    Факты боюнча Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Фото / Зульфия Тургунова
Бишкек – Ош жолунун 662-чакырымында Mersedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа жол четиндеги тосмону сүзүп, алты киши жабыркады

Анын айтымында, кырсыктан жабыркагандар Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Окуя Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү Медресе айылында 28-ноябрга караган түнү болгон.

"Унааны Баткен облусунун Лейлек районунун 47 жаштагы жашоочусу башкарып келе жаткан. Кара-Суу районунун Медресе айылына жеткенде айдоочу рулду башкара албай жолдун четиндеги тосмону сүзгөн", — деди Теңизбаев.

Факты боюнча Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.

129
Белгилер:
кырсык, жол
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Чүйдө жөө адамды сүзүп, качып кеткен 25 жаштагы айдоочу кармалды
Кочкордо жылкы сүзүп кырсыктаган автоунаадагы 19 жаштагы кыз каза болду
Мушкер. Архив

ММА мушкери атаандашын башка тээп нокаутка түшүргөн видео

0
(жаңыланган 15:42 28.11.2020)
Онищук жалпысынан ММА спортунда сегиз беттеш өткөрүп, анын жетөөсүн утуп, бир жолу жеңилген. Атаандашы 10 беттештин алтоосун уткан.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Польшалык ММА мушкери Камиль Онищук атаандашын сулата тээп бүк түшүрдү. Мындай кызыктуу учурду ACA MMA уюму өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ACA MMA (@aca_mma)

Польшанын Лодзе шаарында өткөн ACA 114 мелдешинде Камиль Онищук жердеши Кристиан Бельски менен кез келип, тик турган абалда анын баш тушуна тээп кулаткан.

Беттештин алгачкы мүнөттөрүндөгү Бельскинин үстөмдүгүнө карабастан Онищук үчүнчү раундда сол буту менен катуу тепкен. Бул соккуга даяр эмес болгон Бельски тик турган жеринен канваска кулаган.

Калыс заматта беттешти токтотуп, жеңишти Камиль Онищукка ыйгарган. Промоушен да анын нокаутун баалап, бонус берген.

Онищук жалпысынан ММА спортунда сегиз беттеш өткөрүп, анын жетөөсүн утуп, бир жолу жеңилген. Атаандашы 10 беттештин алтоосун уткан.

0
Белгилер:
ММА, нокаут, беттешүү
Тема боюнча
Валентина Шевченко каршылашы Майяны токмоктоп чемпиондук наамын сактап калды. Видео
Ай-буйга келтирбей, үч секундада жыга чапты. АКШдагы беттештин видеосу