Автобус айдоочусу. Архивдик сүрөт

Жетекчини башка бир койду. Бишкекте коомдук автобус айдоочулары митингге чыкты

202
(жаңыланган 18:09 17.11.2020)
Муниципалдык "Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын" кызматкерлери нааразылык акциясына чыкты. Митинг учурунда алар Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси менен урушуп да кетишти.

БИШКЕК, 17-ноя — Sputnik. Муниципалдык "Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын" кызматкерлери анын директору Нурлан Койчубаковду иштен алууну талап кылып жатышат.

Нааразы болгон айдоочулар ишкананын имаратынын алдына чогулушкан. Алардын айтымына караганда, айлыктары кескин азайып кетти. Буга чейин маяна 16-18 миң сомго чейин жетсе, азыр 7 миңден ашпай калды. Мындан сырткары, алар автобазада зарыл тетиктер жок деген нааразылыктарын билдиришти.

Митинг учурунда чогулгандардын бири Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Хакимовду башка бир койду. Айдоочулар эгерде директор иштен алынбаса, эртең ишке чыкпай кое тургандыктарын айтышты.

Мэриядан бул боюнча кийинчерээк комментарий берише тургандыгын билдиришти.

202
Белгилер:
митинг, айдоочу, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
ШИИБ: ГУМда шек жараткан баштык изделип жатат, имарат курчоого алынды
Суу алып аткан аял. Архивдик сүрөт

Баткенде жоголгон аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатат. Сүрөт

44
(жаңыланган 16:44 01.12.2020)
Кожонова сегиз күндөн бери дайынсыз болууда. Ал 23-ноябрь күнү кечки саат 20:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова коңшулаш Өзбекстан жана Тажикстандан да изделип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Без вести пропавшая 45-летняя Мактым Кожонова, которая пропала в Баткене 23 ноября 2020 года
© Фото / предоставлено пресс-службой полпредства правительства в Баткенской области
Жоголуп кеткен Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова

Анын айтымында, Кожонова сегиз күндөн бери дайынсыз болууда. Ал 23-ноябрь күнү кечки саат 20:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Жакындары издеп таба албай, милицияга кайрылышкан.

Факты Баткен шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан бирдиктүү реестрге "Дайынсыз жоголуу" беренеси менен катталып, ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.

Аялды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16 куткаруучусу, 15 милиционер жана жергиликтүү тургундар издеп жатышат. Бирок издөө иштери натыйжа бере элек.

Бүгүн, 1-декабрь күнү, аялдын жакындары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жаныбек Жалаловго издөө иштерин көзөмөлгө алууну өтүнүп, кайрылышкан. Жалалов аларга укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын жана коңшулаш Тажикстан менен Өзбекстан республикаларында да издөө салынганын белгилеген.

Мактым Кожонова алты баланын энеси.

44
Белгилер:
милиция, издөө, жоголуу, Баткен
Тема боюнча
Инспекторлор шектүү унааны кууп, айдоочусун асманга ок чыгарып кармады
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылында эки автоунаа кагылышып, кырсыктын кесепетинен эки жүргүнчү ошол жерден каза болду

Жолдо кыйылган үч өмүр. Жалал-Абаддагы автокырсыктын сүрөттөрү

129
(жаңыланган 13:13 01.12.2020)
Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаанын Бишкектен Ошту көздөй келе жаткан айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, Mersedes Benz Sprinter менен кагышкан.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылында эки автоунаа кагылышып, кырсыктын кесепетинен эки жүргүнчү ошол жерден каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 30-ноябрь күнү 22:30дар чамасында Бишкек — Ош жолунун 499-чакырымында катталган.

  • Последствия ДТП в селе Бургонду Ноокенского района, где столкнулись микроавтобус и легковое авто.
    Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылында эки автоунаа кагылышып, кырсыктын кесепетинен эки жүргүнчү ошол жерден каза болду
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Последствия ДТП в селе Бургонду Ноокенского района, где столкнулись микроавтобус и легковое авто.
    Маалыматка ылайык, окуя 30-ноябрь күнү 22:30дар чамасында Бишкек — Ош жолунун 499-чакырымында катталган.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Фото / Зульфия Тургунова
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылында эки автоунаа кагылышып, кырсыктын кесепетинен эки жүргүнчү ошол жерден каза болду

Ноокен районунун Курулуш айылынын 22 жаштагы тургуну Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаасы менен Бишкектен Ошту көздөй келе жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада Бишкекти көздөй бараткан Кара-Суу районунун Мады айылынын 26 жаштагы жашоочусунун Mersedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү автокөлүгү менен кагылышкан.

"Кырсыктын кесепетинен Daewoo Nexia үлгүсүндө келе жаткан жүргүнчү Кочкор-Ата шаарынын тургуну, 26 жаштагы жигит менен аты-жөнү белгисиз 25-30 жаштагы жаран окуя болгон жерде каза болгон. 22 жаштагы айдоочу Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, бирок өзүнө келбей каза болду", — деп билдирди Сатыбалдиев.

Ал эми Mersedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын 26 жаштагы айдоочусу менен 34 жаштагы жүргүнчүсү жаракат алып, Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнөн алгачкы медициналык жардам алган.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себеби териштирилип жатат.

129
Белгилер:
милиция, өлүм, жол кырсык, Ноокен, Жалал-Абад, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Кантка жакын жердеги жол кырсыгында 6 киши каза болду. Такталган маалымат
Чүйдө үрөй учурган жол кырсыгы болуп, үч адам көз жумду. Видео
Мектеп окуучулары көчөдө баратышат. Архивдик сүрөт

Коронавирус жуктурган мектеп жашындагы балдар. Статистика

0
(жаңыланган 17:08 01.12.2020)
Ооруган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү Бишкек шаарында. Кийинки орунда Чүй жана Ысык-Көл облустары турат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Акыркы үч айда 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп жашындагы балдар арасында 683 коронавирус (U07,1 жана U07,2) учуру катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип Республикалык штаб кабарлады.

Илдетке кабылгандардын салыштырмалуу саны:

  • Сентябрда — 48;
  • Октябрда — 315;
  • Ноябрда — 320.

Ооруган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү Бишкек шаарында катталган. Кийинки орунда Чүй жана Ысык-Көл облустары турат. Баарынан азы Нарында.

Ноябрь айындагы маалыматтар:

  • Бишкек — 143;
  • Баткен — 32;
  • Ош — 4;
  • Ош облусу — 9;
  • Жалал-Абад облусу — 31;
  • Талас облусу — 8;
  • Ысык-Көл облусу — 39;
  • Нарын облусу — 0;
  • Чүй облусу — 54.
0
Белгилер:
илдет, окуучу, мектеп, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Санэпидем дарыгери: коронавирустун экинчи толкуну качан бүтөрү белгисиз