ӨКМ кызматкери иш учурунда. Архив

Бишкектин чекесиндеги айылда эки киши үйү менен кошо күйүп кетти

130
(жаңыланган 11:20 20.11.2020)
Өрттөн каза тапкан эки кишинин аты-жөнү жана тилсиз жоонун эмне себептен келип чыкканы учурда такталууда.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкектин чекесиндеги Маевка айылында үй менен кошо эки киши өрттөнүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Маевка айылында турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры өрттөнгөн. Анын кесепетинен эки адам каза болду", — деп билдиришти ӨКМден.

Алар учурда эки маркумдун аты-жөнү, ким экендиги такталып жаткандыгын кошумчалашты.

Өрт өчүрүүчүлөргө тилсиз жоо тууралуу маалымат түнкү 3.58де түшкөн. Саат 4.43тө чектөөгө алынып, толугу менен 8.03тө өчүрүлгөн.

130
Белгилер:
өлүм, өрт, ӨКМ, Маевка айылы, Бишкек
Тема боюнча
ӨКМ: Кадамжайда үйү менен кошо 46 жаштагы киши күйүп кетти
Ош шаары. Архив

Эртең менен Ошто жер титиреди

56
Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Ош облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРдин Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

56
Белгилер:
ӨКМ, жер титирөө, Ош облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда катуу жер титиреди
Бейтапты карап жаткан медицина кызматкери. Архив

Соңку бир суткада коронавирус беш адамдын өмүрүн алып кетти

49
(жаңыланган 10:14 27.11.2020)
Учурда өлкөдөгү ооруканаларда COVID-19га чалдыккан 2 875 бейтап жатат. Анын ичинен 115 адамдын абалы өтө оор.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында коронавирус жуктуруп алган беш адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Оорудан ажал тапкандардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда.

Пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен 1 256 кыргызстандык көз жумду.

Мындан сырткары, учурда өлкөдөгү ооруканаларда вирус илештирип алган 2 875 бейтап жатат.

Алардын ичинен:

  • Канааттандырарлык абалда – 53 адам;
  • Орточо оордукта – 1 961;
  • Оор абалда – 746;
  • Өтө оор абалда – 115.

Ал эми 3 698 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Амбулатордук дарыланууда 3 698 бейтап бар.

49
Белгилер:
Кыргызстан, оорукана, дарылануу, өлүм, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева: Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү графиги даяр
Жуктургандардын көбү Бишкекте жашайт. COVID боюнча жаңы статистика
Кыргызстанда Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында биринчи ирет TAVI (аорталык клапандын имплантациясы) технологиясын колдонуу менен жүрөккө операция жасалды

Бейтап ойгоо болгон. Кыргызстанда уникалдуу операция жасалды. Видео

0
(жаңыланган 12:10 27.11.2020)
ТАВИ технологиясы – бул аорталык клапандын биопротездик имплантациясы. Ал адистештирилген катетердин (жеткирүү системасы) жардамы менен сандагы артерия аркылуу жасалат.

БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Кыргызстанда Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында биринчи ирет TAVI (аорталык клапандын имплантация) технологиясын колдонуу менен жүрөккө операция жасалды. Бул тууралуу кардиохирург Талант Эралиев Facebook баракчасына жарыялады.

Операцияны Талант Эралиев, Олег Крестьянинов, Канат Аширов жана башка дарыгерлердин тобу жасаган.

Клапандын имплантациясы 86 жаштагы бейтапка кан тамыр аркылуу жасалып, жүрөктүн согушу токтогон эмес.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Zhanylmyrza Alibaeva (@zhanylmyrzaalibaeva)

"Бейтап ойгоо болгон, ага ооруну сездирбей турган дары куюлган. Бул операциянын уникалдуулугу — бейтап ооруканада көпкө кармалбайт. Ал тез эле үйүнө жиберилип, кадимки толук кандуу жашоого кайтат", — деди кардиохирург.

ТАВИ технологиясы – бул аорталык клапандын биопротездик имплантациясы. Ал адистештирилген катетердин (жеткирүү системасы) жардамы менен сандагы артерия аркылуу жасалат. Бул учурда адамдын жүрөгү иштей берет. Мында канды жасалма жол менен айландыруу техникасы колдонулбайт жана операция үчүн адамдын денеси кескиленбейт.

0
Белгилер:
артерия, оорукана, Ош
Тема боюнча
Былтыр кайсы оорулардан кыргызстандыктар көп каза тапкан. Статистика