Кантка жакын жердеги жол кырсыгында 6 киши каза болду. Такталган маалымат

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуКант шаарына жакын жердеги айланма жолдо болгон ири жол кырсыгы
Кант шаарына жакын жердеги айланма жолдо болгон ири жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, кечээ аталган жерде Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктаганы жана анда үч киши каза болгону айтылган.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кант шаарына жакын жердеги айланма жолдо ири жол кырсыгы катталып, анда алты киши каза болду. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, кечээ аталган жерде Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктаганы жана анда үч киши каза болгону айтылган. Милиция кийинчерээк тактаган маалымат боюнча жол кырсыгында үч эмес, алты адам көз жумганы белгилүү болду. Дагы үч адам жаракат алган.

Кийин интернетте пайда болгон видеого караганда, минивэн жолдун кесилишкен жеринде КамАЗ менен кагышып, андан соң жолду бөлүп турган тосмого урунган.

Жаңылыктар түрмөгү
0