БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан алты киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ага ылайык, кечээтен бери оору Бишкектен төрт бейтаптын, Нарында бир жана Ош облусунан бир кишинин өмүрүн алган.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын саны 1 223кө жетти.