Уюшкан кылмыштуу топтун Чач каймана аты бар активдүү мүчөсү кармалды

УКМК кылмыштуу топтун "Чач" аттуу мүчөсүн колго түшүрдү. Сүрөт

240
(жаңыланган 12:16 21.11.2020)
Комитет Э.М. жана ал башкарган кылмыштуу топту "Кыргызнефтегаз" компаниясынын мурунку жетекчиси Р. Бостонкулов мыйзамга каршы аракеттерине пайдаланып жүргөнүн кошумчалады.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. УКМК ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун "Чач" каймана аты бар Э.М. аттуу активдүү мүчөсүн кармаганын кабарлады.

  • УКМК ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун Чач каймана аты бар Э.М. аттуу активдүү мүчөсүн кармаганын кабарлады
    УКМК ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун "Чач" каймана аты бар Э.М. аттуу активдүү мүчөсүн кармаганын кабарлады
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Ал Чүй облусунан колго түшүрүлгөн
    Ал Чүй облусунан колго түшүрүлгөн
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
УКМК ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун "Чач" каймана аты бар Э.М. аттуу активдүү мүчөсүн кармаганын кабарлады

Ал Чүй облусунан колго түшүрүлгөн.

Атайын кызмат Э.М. буга чейин Беларуста киши колдуу болгон криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин тобунда жүргөнүн, Кыргызстандын аймагында бир катар кылмышка барганын жана Жалал-Абаддагы атышууга катыштыгы бар экенин белгиледи.

"Кримтөбөл Э.М. жана ал башкарган кылмыштуу топту "Кыргызнефтегаз" компаниясынын мурунку жетекчиси Р. Бостонкулов мыйзамга каршы аракеттерине пайдаланып жүргөнүн айта кетүү зарыл", — деп белгиленет маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иши Бирдиктүү реестрге каттоого алынып, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМК Э.М. жана аны менен байланышы бар адамдар жасаган кылмыштардын бетин ачууга багытталган иш-чаралар улантыларын кошумчалады.

240
Белгилер:
Кыргызстан, мыйзам, топ, кылмыш, УКМК
Тема боюнча
УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев бошотулат деген кептерге жооп кайтарды
УКМК: кызматкерлерден акча алып турган делип Соцфонддун төрагасы кармалды
Бишкекте жарандын ишенимине кирүү менен 100 миң долларын алып из жашырган киши кармалды.

Батирин сатымыш болуп аялдын 100 миң долларын алып койгон. Шектүү кармалды

90
(жаңыланган 17:13 04.12.2020)
Шектүүнүн башка дагы ушундай кылмыштарга тийиштиги бар-жогу текшерилип жатат. Бул адамдан жабыркагандар милицияга кайрылса болот.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкекте жарандын ишенимине кирүү менен 100 миң долларын алып из жашырган киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Октябрь райондук милициясына З.Е. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал март айында О.Т. аттуу жаран борбор калаадагы Каралаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бирин сатам деп, ошол эле жерден андан 100 миң 150 долларын алып калганын айткан. Кийин шектүү убадасын аткарбастан из жашырып кеткен.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча каттоого алынган.

"Ыкчам издөө иш-аракеттеринин негизинде 33 жаштагы О.Т. аттуу шектүү кармалды. Ал Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү ижарага алынган батиринде жашап жүргөн. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда анын башка дагы ушундай кылмыштарга тийиштиги бар-жогу текшерилип жатат. Бул адамдан жабыркагандар болсо 0(772) 33-32-01, 0(707) 81-44-44 же 102 номерлерине кайрылууга болот.

90
Белгилер:
шектүү, батир, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунан 18 жаштагы куралчан жаран кармалды. Сүрөт
Жолдон чуркап өтүп бараткан кыз. Архивдик сүрөт

Өзгөндө окуучу кызды унаа учура сүзгөн окуя видеого түшүп калган

138
(жаңыланган 15:36 04.12.2020)
Окуя 2-декабрь күнү Бишкек — Ош жолунун 613-чакырымында, тагыраагы, Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өзгөн шаарында алты жашар кыз баланы унаа коюп кетти. Бул тууралуу Облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал эми окуянын видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Маалыматка караганда, окуя 2-декабрь күнү Бишкек — Ош жолунун 613-чакырымында, тагыраагы, Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө саат 11:30дар чамасында болгон.

"Өзгөн районунун 32 жаштагы жашоочусу Daewoo Tiko үлгүсүндөгү унаасы менен алты жаштагы кызды жөө адамдар өтө турган чийинден коюп кеткен. Натыйжада ал жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган", — деди Теңизбаев.

Өзгөн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

138
Белгилер:
жол кырсык, Өзгөн
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Тогуз-Торо: Кара-Көөдө автокырсыктан бир адам каза таап, төртөө жабыркады
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбнекова. Архив

Сүйүнчү! Айсулуу кыздар күрөшүнүн тарыхында эң мыкты балбан деп табылды

0
(жаңыланган 19:55 04.12.2020)
Добуш берүү UWW уюмунун Instagram баракчасында жүргүзүлдү. Кыргызстандык балбан кыз 293 миңдей добуштун теңинен көбүн алган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыздар күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбан деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун Instagram баракчасына жарыяланды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Кыргызстандык дүйнө чемпиону индиялык Винеш Пхогат менен финалга чыккан болчу.

"Биз менен кошо Айсулуу Тыныбекованы куттуктаңыз. UWW уюмунун "Күрөш тарыхындагы эң мыкты балбан кыз" жарышында жеңүүчү болду. Тыныбекова 292 896 күйөрмандын 58 пайыз добушун алды", — деп айтылат билдирүүдө.

UWW уюмунун виртуалдуу мелдеши онлайн форматта өткөн. Индиялык спортчуга 121,907 адам добуш берсе, Тыныбекованы 170,989 адам колдогон. 

0
Белгилер:
күрөш, Айсулуу Тыныбекова
Тема боюнча
Тыныбекова баштаган балбан кыздар Стамбулда Дүйнө кубогуна даярданышууда
Секирген атаандашын төбөгө көтөрүп уруп... КР балбандары жасаган укмуш ыкмалар. Видео