COVID дагы төрт кишинин өмүрүн алды. 133 бейтаптын абалы оор

118
(жаңыланган 11:25 22.11.2020)
Азыркы тапта ооруканада 3 078 бейтап дарыланып жатса, 3 720 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алышууда.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бир суткада коронавирус төрт адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Билдирмеге караганда, кечээтен бери Бишкек шаарында эки, Таласта эки бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Жалпысынан алганда оору 1 231 адамдын өмүрүн алды.

Азыркы тапта ооруканада 3 078 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 133 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

Ооруканада жаткандардын абалы:

  • 58 — канааттандырарлык абалда;
  • 2030 — орточо оор;
  • 857 — оор;
  • 133 — өтө оор.

Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 720 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатышат.

118
Белгилер:
өлүм, бейтап, ден соолук, абал, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2432)
Тема боюнча
ДССУ: COVID-19га кабылган бейтаптарды ремдесивир менен дарылоого болбойт
Задержанный в наручниках. Архивное фото

Кайгуул милициясы: "Асанбай" паркында жардыруу жасады деген киши кармалды

14
(жаңыланган 13:28 04.12.2020)
Маалымат түшкөндөн кийин Кайгуул милициясы сейил бакка барганда чындыгында эле белгисиз бирөөлөрдүн жардыруу уюштурганы аныкталган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы "Асанбай" паркында жардыруу уюштурду деген шектүү кармалды. Бул туурасында Кайгуул милициясынын башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Борбор калаадагы Асанбай паркында жардыруу уюштурду деген шектүү кармалды
    Борбор калаадагы "Асанбай" паркында жардыруу уюштурду деген шектүү кармалды
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
  • Алгач милицияга 2-ноябрда борбор калаадагы Асанбай сейил багына белгисиз бирөөлөр жардыргыч зат ыргытып жиберди деген маалымат келип түшкөн
    Алгач милицияга 2-ноябрда борбор калаадагы "Асанбай" сейил багына белгисиз бирөөлөр жардыргыч зат ыргытып жиберди деген маалымат келип түшкөн
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
  • Кайгуул милициясы ал жерге барганда чындыгында эле бирөөлөр жардыруу уюштурганы аныкталган
    Кайгуул милициясы ал жерге барганда чындыгында эле бирөөлөр жардыруу уюштурганы аныкталган
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
1 / 3
© Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
Борбор калаадагы "Асанбай" паркында жардыруу уюштурду деген шектүү кармалды

Алгач милицияга 2-ноябрда борбор калаадагы "Асанбай" сейил багына белгисиз бирөөлөр жардыргыч зат ыргытып жиберди деген маалымат келип түшкөн. Кайгуул милициясы ал жерге барганда чындыгында эле бирөөлөр жардыруу уюштурганы аныкталган.

Бул иш боюнча милиция издөө иштерин жүргүзүп, 31 жаштагы жаран кармалып, андан ары териштирүү үчүн Октябрь райондук милициясына жеткирилген. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган ведомстводон учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканы айтылды.

14
Белгилер:
"Асанбай" кичи району, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунан 18 жаштагы куралчан жаран кармалды. Сүрөт
Морг. Архив

Эңилчек тоосундагы эки адамдын өлүмү: шектүү өз жанын кыйганы аныкталды

35
(жаңыланган 13:01 04.12.2020)
Быйыл апрель айында "Хан Теңири" аңчылык лагеринен үч чакырым ары жактагы тоодон эркек кишинин сөөгү табылган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Эңилчек тоолорунан табылган белгисиз адамдын сөөгү аңчылык лагеринде эки адамды өлтүрүүгө шектелген Сергей Смирнов экени тастыкталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Эскерте кетсек, былтыр июль айында 29 жаштагы кызматкер "Хан-Теңири" аңчылык лагеринин жетекчисинин орун басары менен ошол жерде иштеген дагы бир кишини өлтүрүп, тоого жашырынып кеткен. Ал мамлекеттик издөөгө алынган болчу.

Тогуз айдан кийин аталган лагерден үч чакырым ары жактагы тоодон эркек кишинин сөөгү табылган. Кароо учурунда аскердик камуфляж менен сары түстөгү бут кийимдин бөлүктөрү, 25 огу бар "Вепрь" куралы алынган. Экспертизанын жыйынтыгында ал кылмышка шектүү Смирнов экени белгилүү болгон.

"Анын баш сөөгүндөгү мүнөздөмөгө караганда, өзүнүн жанын өзү кыйган", — деп айтылат маалыматта.

Смирнов окуя болгондон кийин ошол жердеги бир аялды барымтага алып, андан кийин аны кое берген. Өзү Түп айылындагы тоолордо жашырынып жүргөнү айтылып, издөөгө спецназ тартылган. Бирок табылган эмес.

35
Белгилер:
экспертиза, кылмыш, лагерь, Эңилчек
Тема боюнча
КРде канча киши түрмөдө отурат, канчасы оор кылмыш жасаган. Сандар
Сот депутат Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын күнөөкөрүн абактан бошотту
Көлдүн тоосунан табылган сөөк. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты
Манас аэропорту. Архив

Евразия өнүктүрүү банкы "Манас" аэропорту жана Темир жол долбоорун карап жатат

0
(жаңыланган 13:34 04.12.2020)
Өлкөдөгү долбоорлор тууралуу ушул күндөрү Москвада өтүп жаткан Биринчи Евразия конгрессинде айтылды.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстанда "Манас" аэропорту жана Кыргыз темир жолу боюнча эки долбоор иштелип жатат. Бул туурасында Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасынын орун басары Амангелды Исенов журналисттерге билдирди.

Ал ушул күндөрү Москвада өтүп жаткан Биринчи Евразия конгрессинин талаасында журналисттердин алдында сүйлөдү.

"Азыркы тапта Кыргызстан боюнча долбоорлордун саны мактанарлык деп айтууга болбойт. Биз "Манас" аэропортунун инфрастуруктурасы жана Кыргыз темир жолу боюнча маселени карап жатабыз. Алар биздин контрагенттер менен биргеликте иштеп чыгуу этабында турат. Азыр долбоордун документациясы аягына чыга элек болгондуктан суммасын айта албайм", — деди Исенов.

Ошондой эле ал темир жолу модернизация болорун, долбоор татаал жана капиталы чоң экенин айтты.

Мындан сырткары, энергетикалык долбоорлорду Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан каржылоо маселеси каралышы мүмкүн экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
Евразиялык өнүктүрүү банкы, энергетика, "Манас" эл аралык аэропорту, Кыргыз темир жолу
Тема боюнча
Саркисян: мигранттар үчүн сонун долбоор бар, бирок Кыргызстан кызыкпай жатат
ЕАЭБ жана Кытай бажы ташуулары боюнча маалымат алмашууну баштайт