Күйгөн автоунаа. Архивдик сүрөт

Бишкектин чок ортосунда автоунаа өрттөнүп кетти. Видео

2349
(жаңыланган 19:28 22.11.2020)
ӨКМдин маалымат кызматы окуя 22-ноябрда болгонун тастыктады. Унаадан чыккан өрттү өчүрүү үчүн куткаруучулар тартылган.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Борбор калаада автоунаа өрттөндү. Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Видеодон автоунаанын жалындап күйүп жатканын көрүүгө болот.

ӨКМ окуя 22-ноябрда болгонун тастыктады. Маалыматка караганда, Турусбеков көчөсүндө турган автоунаадан өрт чыкканы тууралуу кабар түшүп, аны өчүрүүгө саат 17:48де куткаруучулар тартылган. Ал эми күбөлөр унаа Исанов көчөсүндө өрттөнгөнүн айтышууда. 

 

2349
Белгилер:
видео, өрт, автоунаа, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунан чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү
Кармалган киши кишенчен. Архив

Бука сатып берем деген. Ошто элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен адам кармалды

77
(жаңыланган 13:55 27.11.2020)
Элди алдап жүргөн адам Аравандын Кайрагач-Арык айылынын 38 жаштагы тургуну болуп чыкты. Учурда ал Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайында.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда жашоочулардан ири өлчөмдөгү акча алып, бербей качып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, милицияга Ош облусунун жана Ош шаарынын жети тургуну арыз менен кайрылган. Алар Аравандын К.Г. аттуу тургуну багылган букаларын сатып, акчасын берем деп алдап, качып жүргөнүн билдиришкен.

Жалпы келтирилген чыгым 1 миллион 558 миң 800 сомду түзгөн.

"Аталган арыз боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында Аравандын Кайрагач-Арык айылынын 38 жаштагы К.Г. аттуу тургуну кармалды. Ал Ош облусунда адамдардын ишеничине кирип, алдамчылык менен алектенип жүргөн", — деди Ашырбаев.

Колго түшүрүлгөн киши Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

77
Белгилер:
милиция, арыз, мал, алдамчылык, Араван району, Ош
Тема боюнча
Ошто тепкичтен автоунаа менен чыккан адам мурдагы милиционер экени такталды. Видео
 Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары рангындагы Курманбек Дыйканбаев. Архивдик сүрөт

Президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев эки айга камалды

62
(жаңыланган 13:01 27.11.2020)
Дыйканбаев парламенттик шайлоо маалында мамлекеттик ишкананын жетекчисин коркутуп, андан 7 миллион сом алган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары рангындагы Курманбек Дыйканбаев эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Дыйканбаевдин баш коргоо чарасы кечээ, 26-ноябрда, аталган сотто тандалган. Ага ылайык, кийинки жылдын 24-январына чейин тергөө абагына киргизүү чечими кабыл алынган болчу.

Курманбек Дыйканбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен айыпталууда. УКМКнын билдиришинче, ал октябрдагы парламенттик шайлоо өнөктүгү маалында стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишкананын башчысын бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаган. Эгер баш тарта турган болсо, кызматтан кетирерин айтып коркутканы тергөөдө аныкталган.

62
Белгилер:
тергөө абагы, тергөө, сот, Курманбек Дыйканбаев
Тема боюнча
Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев эки айга тергөө абагына камалды
Портфель менен киши. Архив

Беш өлкө Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн жылдырып берди. Тизме

0
(жаңыланган 22:03 27.11.2020)
Өлкө бийлиги тышкы карызды тейлөө боюнча бир катар мамлекеттер менен мөөнөттү жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы карызын тейлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш мамлекет менен макулдашуулар болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Финансы министрлигинен билдиришти.

"Бүгүнкү күндө нөл пайыздык чен менен карыздарды төлөп берүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш кредитор менен макулдаштык. Алар: БАЭ, Сауд Аравиясы, Германия (KfW, Euler Hermes) жана Түркия”, — деп айтылат билдирүүдө.

Пролонгация кылынган каражаттын көлөмү 51 миллион долларга жетти. Аны мамлекет төрт жылдын ичинде кутулушу керек.

Дагы алты кредитор, анын ичинен Париж клубунун мүчөлөрү (Франция, Дания, Түштүк Корея, Япония) менен дагы сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,8 миллиард доллардан жогору. Анын ичинен дээрлик 4,2 миллиарды тышкы карызга туура келет.

0
Белгилер:
Тышкы карыз, Финансы министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи
Кытай карыз төлөө мөөнөтүн узартууга макул болуп, кошумча 3 млрд. сом сурады
Министрлик тышкы карызды төлөөнүн жолун айтып, ачылган эсепти жарыялады