БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда 0,07 гектар жер тилкеси жок адамдын наамына жасалма түрдө мыйзамсыз катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Бишкек башкы архитектура" жана Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан.
Арча-Бешик жаңы конушунда жайгашкан 0,07 гектар жер тилкесин жок адамдын наамына жасалма түрдө мыйзамсыз катташкан. Ал эми "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалы тарабынан жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилген. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 6 миллион 99 миң сомдук зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Ленин райондук прокуратурасы жер тилкесин берүү жөнүндөгү мыйзамсыз токтом жана мамлекеттик актыларды жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз келтирип, соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыз толугу менен канааттандырылып, мыйзамдуу күчүнө кирген.
2020-жылдын 5-ноябрында райондук прокуратура кайтарылган жер тилкени муниципалдык менчикке кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына сунуш кылды.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун "Ботош" аттуу каймана аты бар О.А.К. аттуу активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Ал Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Анын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө экени дагы аныкталган.
2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен "Ботошту" камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте Кайгуул милициянын унаасы Чыңгыз Айтматов проспектисинде улгайган аялды сүзүп кетти. Бул маалыматты шаардын Кайгуул милициясы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикулов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Анын айтымында, окуя кечээ, 21-январда, саат 10:00дө катталган. Патрулдук милициянын версиясы боюнча Айтматов проспектиси менен Славянский көчөсүнүн кесилишинде жолго чуркап чыга калган 62 жаштагы аялды айдоочу коюп кеткен. Жабырлануучу атайын унаа менен ооруканага жеткирилген.Окуядан кийин милициянын кызматтык унаасы айып короого киргизилген. Маалымат катчы кырсык боюнча материалдар тергөө бөлүмүнө берилгенин кошумчалады.
Чыңгыз Айтматов проспектиси өкмөттүк трасса болуп саналат. Ал жол менен президент мамлекеттик резиденциядан Ак үйгө каттайт.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда -4…-9, Таласта -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -2…-7, Нарын өрөөнүндө -8…-13 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында -2…-4 градус болот.