Ысык-Көлдөгү болгон жол кырсык

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Элчибек Жантаев бараткан унаа оодарылып кетти

6459
(жаңыланган 19:37 23.11.2020)
Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү кызматтык автоуааны Ак-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы жигит айдап баратып рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылды. Бул маалыматты облустук администрациясы тастыктады.

  • Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылды
    Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылды
    © Sputnik
  • Билдирмеге караганда, кырсык бүгүн, 23-ноябрда, эртең менен облус жетекчиси Бишкек — Торугарт жолунун 156-чакырымында баратканда болгон
    Билдирмеге караганда, кырсык бүгүн, 23-ноябрда, эртең менен облус жетекчиси Бишкек — Торугарт жолунун 156-чакырымында баратканда болгон
    © Sputnik
  • Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү кызматтык автоуааны Ак-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы жигит айдап баратып руль башкара албай калганы айтылат маалыматта
    Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү кызматтык автоуааны Ак-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы жигит айдап баратып руль башкара албай калганы айтылат маалыматта
    © Sputnik
  • Мунун кесепетинен жолтандабас оодарылып кеткен. Салондогу Жантаев жеңил жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды
    Мунун кесепетинен жолтандабас оодарылып кеткен. Салондогу Жантаев жеңил жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды
    © Sputnik
1 / 4
© Sputnik
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылды

Билдирмеге караганда, кырсык бүгүн, 23-ноябрда, эртең менен облус жетекчиси Бишкек — Торугарт жолунун 156-чакырымында баратканда болгон.

Маалыматта Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү кызматтык автоунааны Ак-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы жигит айдап баратып руль башкара албай калганы айтылат. Мунун кесепетинен жолтандабас оодарылып кеткен. Салондогу Жантаев жеңил жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды.

"Жантаевдин абалы орточо деп бааланууда. Аны менен телефон аркылуу байланыштым, өзү сүйлөп жатат. Айдоочу дагы Караколдо жолдо бара жатат. Анын дагы абалы жакшы", — деди өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев.

Аталган факт Балыкчы шаардык милициясынын электрондук журналына катталып, соттук-техникалык экспертиза дайындалды.

6459
Белгилер:
Элчибек Жантаев, жаракат, жол кырсык, Балыкчы
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (303)
Тема боюнча
Бишкекте алты автоунаа кагышкан кырсык болду. Видео
Эч нерсеси калбаптыр! Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу
Жарылуу болгон жерде газ баллон. Архивдик сүрөт

Таластагы тамактануучу жайда газ баллон жарылып, жаракат алган аял көз жумду

45
(жаңыланган 19:14 23.01.2021)
4-январда Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында "Шаурма City" коомдук тамактануучу жайында жарылуу болгон.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Талас облусунда коомдук тамактануучу жайдан газ баллон жарылып жаракат алган аял каза болду. Бул тууралуу Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун маалымат кызматы билдирди.

39 жаштагы аял 21-январь күнү көз жумган. Ал күйүк алып өтө оор абалда ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Белгилей кетсек, 4-январь күнү Таластын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында "Шаурма City" коомдук тамактануучу жайында жарылуу болгон. Анын кесепетинен 11 адам жаракат алган, арасында жаш балдар дагы бар. Төртөө өтө оор абалда райондук ооруканага жаткырылган. Ар кимисинин күйүгү ар кандай деңгээлде болгон.

Реанимацияда жаткандардын экөө Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна которулган.

45
Белгилер:
өлүм, күйүк, жарылуу, баллон, газ, Талас
Тема боюнча
Денесинин 82%ы күйгөн. Таластагы жарылуудан жабыркагандардын абалы айтылды
Мурдагы Фрунзе заводунда жарылуу болуп, үч адам жабыркады
Кишен жана унаа. Архивдик сүрөт

Бишкекте унаасы менен кишини коюп качып кетти деген аял кармалды

72
(жаңыланган 18:51 23.01.2021)
Мурдагы күнү Үмөталиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен жөө тургунду сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте кишини унаасы менен сүзүп качып кетти деген аял кармалганын милициянын Кайгуул кызматынан билдиришти.

21-январда саат 17:00дөр чамасында Үмөталиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу унаа менен жөө тургунду сүзүп, жол кырсыгы болгон жерден из жашырып кеткен. Окуянын кесепетинен 33 жаштагы киши ооруканага жаткырылган.

"Коопсуз шаардын" камералары аркылуу жол кырсыгына шектелип Lexus 470 унаасынын ээси — 1992-жылы төрөлгөн А. А. аттуу аял кармалды", — деп айтылат билдирмеде.

Шектүү Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

72
Белгилер:
шектүү, кармоо, сууда сүзүү, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Мотору ыргып кеткен. Токмоктогу үрөй учурган жол кырсыгынын видеосу
Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Чүйдө эки киши ажал тапкан жол кырсыктын видеосу
Бишкекте Кайгуул милициянын унаасы өкмөттүк трассада аялды сүзүп кетти
Карды тартып аткан адамдар. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

0
24-январга караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4…+1, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градусту көрсөтөт.

Бишкекте жана Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо -2…-4, Ош шаарында 0…-2 градуска жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Абайлагыла, сак болгула! Айдоочуларга эскертүү берилди