Таксистти мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Милиция төртүнчү шектүүнү кармады

Жазылуу
2020-жылдын 12-мартында Сокулук районуна караштуу Белек айылында такси кызматында иштеген 22 жаштагы жарандын сөөгү табылган. Кылмышкерлер аны мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Сокулукта таксистти мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, издөө жарыяланган 25 жаштагы Р.Д. кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Ал 20-ноябрда колго түшкөн.

© Фото / пресс-служба МВДШектүү
Таксистти мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Милиция төртүнчү шектүүнү кармады - Sputnik Кыргызстан
Шектүү

Эске салсак, 2020-жылдын 12-мартында Сокулук районуна караштуу Белек айылында такси кызматында иштеген 22 жаштагы Жакшылык Асановдун сөөгү табылган. Кылмышкерлер аны мууздап, мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.

Кылмышка шектелип 21 жаштагы Ж.Р., 24-жаштагы А.Б. жана 31 жаштагы П.Ж. колго түшкөн.

"Кылмышкерлер 2020-жылдын 10-мартында саат 23:00дөр чамасында Бишкектеги Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен такси кармашкан. Алар айдоочудан Сокулук районуна жеткирип коюуну суранышкан. Түнкү саат 02:30дар чамасында кылмышкерлер эл жок жерден (Сокулук району) таксистти бычактап салышкан. Анын сөөгүн ошол жакка бекитип, унаасын шаарды көздөй айдап кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми төртүнчү шектүү качып жүргөндүктөн издөө жарыяланган. Акыры 20-ноябрда кармалып, соттук териштирүү иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүүлөр таксисттин унаасын алуу үчүн ушундай кылмышка барышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0