ӨКМ Чолпон-Атада баллон жарылып бир үй-бүлө оор абалда деген кабарга үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМ кызматкери иш учурунда. Архив
ӨКМ кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматты тактоо учурунда 101,102,103,112 кызматтарына өрт боюнча маалымат түшпөгөнү, мындай адамдар Чолпон-Ата шаарында жашабагандыгы аныкталган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Социалдык тармактардагы Чолпон-Ата шаарында баллон жарылып, натыйжада бир үй-бүлө жабыркап, үч кичине бала ооруканада жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык тууралуу пост жазылып, жардам сураган билдирүү тараган болчу.

Анда Чолпон-Ата шаарынын жашоочулары Сапаровдордун үйүндө баллон жарылып, андан чыккан өрттүн кесепетинен кичинекей үч бала апасы менен ооруканада жатканы, ал эми үй ээси жандандыруу бөлүмүндө экендиги айтылган. Ошондой эле оор акыбалдагы жабыркаган үй-бүлөнүн материалдык жардамга муктаждыгы жазылып, балдардын сүрөттөрү менен акча которуу үчүн банктык эсептер кошо берилген.

"Айтылгандарды тактоо учурунда 101,102,103,112 кызматтарына өрт боюнча маалымат түшпөгөнү, мындай адамдар Чолпон-Ата шаарында жашабагандыгы аныкталган. Билдирүүдө 0555256007 номери көрсөтүлгөн. Аталган номер жооп берген эмес, ал эми 25-ноябрында өчүк болуп калган. 2020-жылдын 18-ноябрында Ысык-Көл райондук администрациясынын коллегиясында да ушул маселе көтөрүлүп, катышкан кызматтар, Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри, айыл өкмөт башчылары тарабынан мындай окуя болбогондугу такталган. Бул жалган маалымат", — дешти ӨКМден.

Айрым маалыматтарга караганда, аталган билдирүүдөгү адамдардын сүрөттөрү 2016-жылы катталган кырсыктан алынган.

Аталган видеодо аталган билдирүүдөгү сүрөттөр чагылдырылган. ӨКМ дагы тараган маалыматтагы адамдар коңшу өлкөдөгү Кызылорда шаарчасында 2016-жылдын 2-ноябрында болгон өрт кырсыгынан жабыр тарткандар болушу ыктымалдыгын болжолдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0