Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив

Бишкекте "Аламүдүн" базарынын жанындагы банктын филиалынан өрт чыкты. Видео

212
(жаңыланган 09:49 27.11.2020)
Жибек жолу жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 101 кызматына саат 8:47де түшкөн. Жеринде өрт өчүрүүчү бир бригада иштеди.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Аламүдүн" базарынын жанында жайгашкан банктын филиалынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Жибек жолу жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 101 кызматына саат 8:47де түшкөн.

Өрттүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

ӨКМден ушу тапта өрт толугу менен өчүрүлгөнүн айтышты.

212
Белгилер:
өрт, дүкөн, Бишкек
Тема боюнча
Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ичи. Имараттын 10 жылдан кийинки көрүнүшү
Аялга кол салып жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт

Аялдарга кечинде кол салып турушкан. Милиция Аламүдүндөн шектүүлөрдү кармады

138
(жаңыланган 11:38 25.02.2021)
2020-жылдын декабрь айынан бери үч аял жабыркаган. Тоногондор аларды муунтуп күч колдонуп, көбүнчө уюлдук телефондорун тартып алышкан.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдардын аялдарга кол салып, аларды муунткан бир нече фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Задержанные по подозрению в нападении на женщин в Аламудунском районе
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Шектүүлөр

Билдирмеге караганда, шектүүлөр аялдарга кечинде кол салып турушкан. 2020-жылдын декабрь айынан бери үч аял жабыркаган. Тоногондор аларды муунтуп күч колдонуп, көбүнчө уюлдук телефондорун тартып алышкан.

"Аталган кылмышка шектелип 20 жаштагы Б.М. аттуу улан жана буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган 21 жаштагы К.Д. кармалган", — деп жазылат маалыматта.

Бул боюнча кылмыш иши башталып, шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка иштерге катыштыгы такталып жатат.

138
Белгилер:
милиция, шектүү, каракчылык, талап-тоноо, Аламүдүн району, Чүй облусу
Тема боюнча
Бишкек: кыздарды батиринен тоноп, банк картасын тартып алгандар кармалды. Видео
Бишкек-Ош жолундагы Көлбаев атындагы туннель. Архив

Көчкү түшүп, Бишкек Ош жолу убактылуу жабылды

99
(жаңыланган 00:03 25.02.2021)
Көлбаев атындагы туннелден азыр автоунаалар өтө албайт. Тиешелүү кызматтар жолду кардан тазалап жатат. Министрлик аталган чектөө эртең мененки саат алтыга чейин экендигин кошумча кабарлады.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кечинде Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн, учурда жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жайыл районунда кечки саат 21:00дөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшүп, жол жабылды. Тиешелүү кызматтар жолду тазалап жатат. Көлбаев атындагы туннелден азыр автоунаалар өтпөйт", — деп айтышты ӨКМден.

Министрлик аталган чектөө эртең мененки саат алтыга чейин экендигин кошумча кабарлады.

99
Белгилер:
туннель, көчкү, Бишкек - Ош жолу, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек — Ош жолунда 113 миң куб метр кар атып түшүрүлдү
БШК Акыл Кемеловго Жогорку Кеңештин депутаты мандатын ыйгарды

Максат Сабиров тапшырган депутаттык мандат Акыл Кемеловго берилди

14
(жаңыланган 15:49 25.02.2021)
Кемелов аралаш мушташ боюнча беттештерди уюштурган WEF уюмунун Ысык-Көл облусу боюнча президенти болчу.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Акыл Кемеловго Жогорку Кеңештин депутаты мандатын ыйгарды.

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Максат Сабиров кечээ, 24-февралда, өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. Ал мунун себебин жаштарга орун бошотуп берүү максатында деп түшүндүргөн.

БШК бүгүн анын ордуна Кемеловду Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, ага күбөлүк жана төш белги берди.

Акыл Кемелов 36 жашта. Өлкөдө аралаш мушташ боюнча беттештерди уюштурган WEF (World Ertaymash Federation) уюмунун Ысык-Көл облусу боюнча президенти.

14
Белгилер:
БШК, мандат, Максат Сабиров, депутат
Тема боюнча
УКМК Шадиевди кармоого жардам сурап АКШга кайрылды
Депутат: айыпка жыгылган айдоочулар "Коопсуз шаарды" сотко берсе утуп алат