БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Түндө Нарын облусунун аймагында эки ирет жер силкинип, очогунда күчү 4 баллга жетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жер титирөө саат 23:47де Кочкор районунун Туз айылында 4 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кум-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Кочкор, Кара-Суу айылдарында 3 балл, Мантыш, Семиз-Бел, Дөң-Алыш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.Андан кийин афтершок болгон. Тагыраагы, 30-ноябрда түнкү саат 02:18де Нарын облусунун аймагында жер дагы силкинип, ал 3 баллга жеткен. Кочкор районунун Туз айылында 3 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кочкор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
ӨКМдин алдын ала берген маалыматында жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кытайдын социалдык тармагында жетекчисин швабра менен башка-көзгө чапкылаган кыздын видеосу желдей тарады. RT басылмасы билдиргендей, эркек киши кызга асылып, ыплас билдирүүлөрдү тараткан.
Una empleada golpea a su jefe con una fregona por supuesto acoso
— RT en Español (@ActualidadRT) April 18, 2021
Un funcionario gubernamental chino fue despedido tras viralizarse un video en el que una empleada lo golpea con una fregona, supuestamente por acosarla con mensajes de texto no deseados. pic.twitter.com/ia2znLTUmd
Окуя 11-апрель күнү Суйхуа шаарында (Хэйлунцзян провинциясы) болгону маалымдалды. Кыздын шаардагы жакырчылык менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысын швабра менен чапкылаган видеосу 14 мүнөткө созулат.
Билдирмеге ылайык, кытайлык кыз жетекчисинин туура эмес, ыплас билдирүүлөрдү жибергенине жини келген. Начальниги кыз швабра менен ургулай баштаганда кечирим сурап, тамашалап койгонун айткан.Видео интернетке желдей тараган соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында бөлүм башчынын кызматтан кеткени айтылды. Ошондой эле ал Кытайдын Коммунисттер партиясынын катарынан да чыгарылган.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Интернетте шаркыратманын жанындагы шар аккан дарыя суусунда эркек кишинин бала менен агып бара жаткан видеосу тарады. Sputnik Казакстан агенттиги билдиргендей, окуя Акмола облусунда болгон.
Күбөлөр тартып алган видеодо көрүнүп тургандай, баласын кучактаган киши шар аккан суунун агымына туруштук бере албай агып бара жатат. Бир маалда ал суунун ортосунан ташты тиреп калып, токтогон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Аялынын айтканына көнбөй, атасы кызы менен шаркыратманын жанынан сүрөткө түшөйүн деген. Бул учурда кыз таштан кулап кеткен же атасы анын артынан секирген. Кызы атасын сууга ала түшүшү да мүмкүн. Бактыга жараша, эркек киши менен кыз суудан чыгарылган", — деди окуянын күбөлөрү.
Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган. Белгилүү болгондой, жабыркагандар Кокшетауда жашашат. Дарыгерлер медициналык жардам көрсөткөн соң үйүнө жиберишкен.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу түзүлгөн макулдашуу эң пайдалуу келишим болду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргенин аймактык кабарчы жеринен маалымдады.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-апрелде, Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Ынтымак айылынын эли менен жолугушту. Савай айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бери нааразычылык акциясын өткөрүшүүдө.
Эл менен жолуккан Ташиев ал жетектеген делегация Өзбекстанга барып, Кыргызстан үчүн эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүлгөнүн белгиледи.
"Бул протоколду бузбай аягына чейин чыгарышыбыз керек. Бул элге эң ыңгайлуу документ", — деди Ташиев.Бирок жергиликтүүлөр протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербеш керек деген оюнан кайтышкан жок. Бирок Ташиев андай кылуу мүмкүн эместигин, протокол Өзбекстан менен чектешкен башка аймактардагы талаш жерлердин маселесин чечүүгө да багытталганын билдирди.
"Биз суунун түбүндөгү 4 миң 400 гектар жерди берип, ордуна 5 миң 100 гектар жер алдык. Муну бүгүн чечпесек, эртеңки муунга көйгөй болуп калат. Плотинанын башында 50 гектар жер бар экен, ошону сурашты. Ал жерден 50 гектар жер бердик. Алар дагы бизге 50 гектар жер берди", — деди УКМК башчысы.
Ташиев Өзбекстан менен түзүлүп жаткан келишим боюнча дагы айтып берген.
"Жээкте жашаган элге сууну пайдаланууга толук түрдө укук бар. Мал сугарып, балык кармап, насос менен суу чыгарса болот. Ал жерге эч кандай чек коюлбайт. Суунун деңгээли көтөрүлбөшү үчүн плотинаны чогуу башкарыш керек. Биздин айылдардын каналдарына суу берилиши үчүн эл аралык келишим түзөбүз", — деди Ташиев.
УКМК башчысы нааразылык акциясын уюштургандардын арасында чагымчылык кылууну көздөгөндөр бар экенин айтты. Бирок чогулгандар анын бул сөзүнө нааразы болушту.
Учурда элге өкмөттүн Оштогу өкүлү Жарасул Абдураимов да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.