УКМК криминалдык авторитет "Дженгого" издөө жарыялады

Жазылуу
28-октябрь күнү Ош шаардык соту тарабынан Кадыр Досоновду камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Дженго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновго издөө жарыялады. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды - Sputnik Кыргызстан
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
УКМК уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана алардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу боюнча аракеттерин улантууда. Анын негизинде Досонов бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жатат.

28-октябрь күнү Ош шаардык соту тарабынан Досоновду камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарылып, издөө жарыяланды.

УКМК учурда анын жүргөн жерин аныктоо жана башка кылмыш иштерге тиешеси бар-жогун аныктап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0