БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку сот кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүмдү жокко чыгарып, райондук сотко кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, аталган иштин алкагында Атамбаев Биринчи май райондук соту тарабынан 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган болчу. Өкүм жайында Бишкек шаардык соту тарабынан каралып, өзгөрүүсүз калган.
Мындан сырткары, аталган иш боюнча соттолгон үч адамдын өкүмү да жокко чыгарылды. Алардын бири мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ал буга чейин 5 миллион сом айыпга жыгылган.
Үчүнчүсү Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев. Ал да күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратылган. Бирок буга чейин тергөө абагында отурган күндөрүн эске алуу менен жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулган.
Кылмыш иши кайрадан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл акимди коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.
“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Дача СУдагы кырсыкта элдин ынтымагына суктандым. Бишкектиктердин күйүмдүүлүгүн көрүп, көзүбүзгө жаш алдык. Мындай сезимдери менен Дастан Женгенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Куткаруучунун айтымында, элден ар кандай жардамдар кырсык болгон күнү түштөн тарта келе баштаган.
"Мен ал күнү күзөттө болчумун. Бир сааттан соң нөөмөттү тапшырабыз деп турганбыз. Аңгыча эле "Манас" аэропорту жакта учак кулады деген чакырык келип түштү. Алгач уккан кулагыма ишенген жокмун, тилекке каршы, маалымат чын болуп чыкты. Саат 8ге чамалап жетип бардык. Согушка түшкөндөй эле болдук. Урандылар менен коюу туман, түтүндүн арасынан чыккан онтологон үндөр жүрөгүбүздүн үшүн алды. Саат 14:00гө чейин тынымсыз иштеп жаттык. Негизги максатыбыз, тилегибиз да тирүү адамдарды табуу эле. Түштөн баштап элден гуманитардык жардам келе баштады. Улгайган апалар бир килограмм кумшекер, бир банка варенье, жаш балдар чогултуп жүргөн тыйындарын кутучасын жара чаап көтөрүп келип жаткандарын көргөндө көзүмө жаш алдым. Шаардыктардын мындай боорукерлигин, ынтымагын ошондо алгач ирет көргөм", — деди Женгенбеков.
Ал куткаруучулук кызмат өзүмчүл болбоого тарбиялай тургандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, каргаша 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Натыйжада айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.
Sputnik агенттиги Дача СУдагы авиакырсыктын себебин ачып берген даректүү тасма даярдады.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия референдумдагы бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын чыгарды.
Бардык 2474 шайлоо участогунан протоколдор келип, анын үчөөндөгү добуш берүү жокко чыгарылды. Бирок себеби айтылган жок.
Референдумга 1 миллион 401 миң 450 киши катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын (3 миллион 563 миң 574 киши) 39,33 пайызын түзөт.
Эске салсак, БШК шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялай элек. Буга чейин бюллетендерди кол менен эсептөөнүн негизинде Садыр Жапаров алдыда экени айтылган.