БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, көз жумгандардын бири Бишкек шаарынын, экинчиси Ош облусунун тургуну болгон.
Ушуну менен көз жумгандардын жалпы саны 1 277ге жетти.
Азыркы тапта ооруканада 2 651 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 119 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Ооруканада жаткандар:
Ал эми 3 600 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдардын аялдарга кол салып, аларды муунткан бир нече фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, шектүүлөр аялдарга кечинде кол салып турушкан. 2020-жылдын декабрь айынан бери үч аял жабыркаган. Тоногондор аларды муунтуп күч колдонуп, көбүнчө уюлдук телефондорун тартып алышкан.
"Аталган кылмышка шектелип 20 жаштагы Б.М. аттуу улан жана буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган 21 жаштагы К.Д. кармалган", — деп жазылат маалыматта.
Бул боюнча кылмыш иши башталып, шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка иштерге катыштыгы такталып жатат.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кечинде Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн, учурда жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жайыл районунда кечки саат 21:00дөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшүп, жол жабылды. Тиешелүү кызматтар жолду тазалап жатат. Көлбаев атындагы туннелден азыр автоунаалар өтпөйт", — деп айтышты ӨКМден.
Министрлик аталган чектөө эртең мененки саат алтыга чейин экендигин кошумча кабарлады.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Москва шаарында Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырган. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жапаров иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандагы келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды. Кызматташууну арттыруунун актуалдуу багыттарын белгилеп, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрө түзүү боюнча иш-аракеттердин планына көңүл бурду", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу "суроо-жооп" форматында өткөн.
Россиялык бизнестин өкүлдөрүнүн суроолоруна президент Жапаров, өлкөнүн министрлери менен мамлекеттик органдарынын жетекчилери жооп берген.
Ошондой эле жолугушууда Россиянын министрликтери менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болду.Иш-чарага россиялык ири компаниялардын 40ка жакын жетекчиси катышкан. Алар: "Ренова" компаниялар тобу" АКсынын директорлор кеңешинин төрагасы, "Сколково" жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана коммерциализациялоо борборунун Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү, "Сколтехтин" (Сколково илим жана технологиялар институту) Камкорчулар кеңешинин төрагасы Виктор Векселберг, "Россия темир жолу" ААКсынын башкы директорунун орун басары Вячеслав Павловский, "Газпром нефть" ПАКтын тышкы экономикалык иштер боюнча башкы директорунун орун басары Павел Одеров, Россия Федерациясынын Президентинин электр энергетика тармагындагы эл аралык кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү, "Артпол Холдинг" ЖЧКсынын президенти Сергей Шматко, ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин аткаруучу катчысы Станислав Наумов, Санарип экономика боюнча комитеттин төрагасы, "Ростелеком" ПАК президенти Михаил Осеевский. Ошондой эле "ФосАгро" ПАК, "ВымпелКом" ПАК, "Хюндай Мотор СНГ" ЖЧК, "Северсталь" ПАК компанияларынын, Картошка жана жашылча базарынын катышуучулар бирлигинин, ЕАЭБдин фармацевтикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкармалыгынын өкүлдөрү жана мунай, банк, өнөр жай, курулуш, химия, энергетикалык тамак-аш, машина куруу жана текстиль тармактарынын лидерлери катышты.Эске салсак, кечээтен бери Жапаров Россияда жумушчу иш сапар менен жүрөт. Алгач Россия лидери Владимир Путин менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулап, аны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.