БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мамлекетке 13 миллион сомдон ашуун зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Ысык-Көл облустук прокуратурасы социалдык объектилерди курууга сарпталган акчанын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.
Мааламатка караганда, аталган дирекция 2016-2019-жылдары З.С. аттуу жоопкерчилиги чектелген коому менен Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылына спорт зал куруу үчүн келишим түзгөн. 2019-жылдын 4-мартында спорт зал пайдаланууга берилген.
"Бирок дирекциянын өкүлдөрү пайда көрүү үчүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып З.С. ЖЧКсынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып айрым иштерди жогорулатылган баада жасаткан. Ошондой эле аткарылбаган иштер дагы сметага кирип калган. Анын кесепетинен мамлекетке 4 миллион 324 миң 200 сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 2014-2018-жылдар аралыгында Тоң районунун Тоң айылында бала бакча куруу үчүн дирекция менен жогоруда аталган ЖЧКнын ортосунда келишим түзүлүп, курулушу бүткөрүлдү делген бала бакча 2018-жылдын 29-майында пайдаланууга берилген.
"Мында дагы тараптар сүйлөшүп алып мамлекетти 4 миллион 378 миң 100 сом зыянга учураткан", — дешти Башкы прокуратурадан.Мындан тышкары, 2015-2018-жылдар аралыгында Балыкчы шаарында бала бакча курууда дирекциянын кызмат адамдары менен ТИП коомунун кызматкерлеринин ушундай эле кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке 4 миллион 338 миң 700 сом зыян келтирилгени айтылды.
Мамлекетке жалпы жонунан 13 миллион 041 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Белгиленген фактылар Ыссык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ырчы Анжелика Кайратова кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Анын беш жаштагы кызы жабыркап, ооруканага түшкөнүн Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жибек Жайылмышева билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Автоунаада беш киши болгон. Ырчынын беш жаштагы кызынын эки бутунун тең сан сөөктөрү сынып кеткен. Башкаларына медициналык жардам зарыл болгон жок", — деди директор.
Маалыматка караганда, алар Бишкекке жөнөтүлгөн. Ал эми жабыркаган кыз кечээ Түп райондук ооруканасында калтырылган. Бүгүн аны Бишкектеги ооруканага алып кетүү үчүн реанимобиль Көлгө келе жаткандыгын айтышты.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы алтын ылгоочу фабрикада атайын курулган жай жырылып кетип, иштетилген калдыктар дарыя суусуна агып түшкөн. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Болот Ашырбаев билдирди.
Буга чейин айыл эли бири-бирин дарыядагы сууну ичпей турууга чакырып, сууга цианид кошулуп кетти деген маалыматтарды таратышкан.
Ашырбаевдин айтымында, "Эти Бакыр Терек-Сай" алтын ылгоочу фабрикасында булганыч суюктуктарды топтогон контейнер жарылып кетип, анын суусу тосмону жарып, Терек-Сай суусуна агып түшкөн. Дарыяга түшкөн булганыч суулардын көлөмү болжол менен 30 кубометрге жетет.
Айыл өкмөт башчысы жергиликтүү бийлик Терек-Сай жана Ынтымак айылынын жашоочуларына дарыядагы сууну ичпей туруу эскертилгенин белгиледи.
"Терек-Сайдагы кен казган "Эти Бакыр Терек-Сай" фабрикасы жергиликтүү жашоочуларга таза суу жеткирүүдө", — деди Ашырбаев.
ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Исаев белгилегендей, фабрикадагы атайын жай кечээ, 23-январда, саат 15:30дарда жырылган.
Ал эми өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов аталган окуя боюнча лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.
"Кыргыз алтын" жана Түркиянын "Эти Бакыр" компанияларынын биргелешкен "Эти Бакыр Терек-Сай" ЖЧКсы бул аймакта 2016-жылдан бери иштеп келет.
Терек-Сай айыл аймагында Терек-Сай жана Кызыл-Токой аттуу калк жашаган эки айыл бар. Мында жалпы 5 500 киши жашаары айтылып, эки айылдын эли тең аталган суудан пайдаланышары маалым болду.