Коронавирустан дагы беш киши каза тапты. Баары Бишкектен

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГоспиталь для больных COVID-19 в МКЦИБ "Вороновское"
Госпиталь для больных COVID-19 в МКЦИБ Вороновское - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө өлкө ооруканаларында 2 616 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 110 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. COVID жуктуруп ооруканада дарыланып жаткан беш киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматта көз жумгандардын баары Бишкекте экени айтылат.

Ушуну менен оорудан мерт болгондордун саны 1 290го жетти.

Бүгүнкү күндө стационарда 2 616 бейтап жатат. Алардын 29унун абалы канааттандырарлык экени маалым болду. 1 821 киши орто оордукта, 656 адам оор абалда, ал эми 110 кишинин абалы өтө оор деп баалануда. 

3 515 бейтап үйүнөн дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0