Кыздын чачынан тартып аткан киши. Архивдик сүрөт

Аялын өлтүрө сабап он жылдан кийин кармалган зөөкүр. Ноябрдагы соттук чечимдер

844
(жаңыланган 20:46 05.12.2020)
КРдеги фемида өкүлдөрү узап кеткен айда бир топ чуулуу, төбө чачты тик тургузган кылмыштарды карап чыгып бир катар чечимдерди кабыл алды.

Булардын арасында ымыркайларды саткан медицина кызматкерлери, аялын мыкаачылык менен өлтүрүп он жылга жоголгон эргулдун былыктары бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги ноябрь айындагы айрым соттук өкүмдөрдү сунуштайт.

Ымыркай саткан дарыгерлер

Борбор калаадагы жеке медициналык клиникалардын биринде иштеген ак халатчандар боюнан алдырууга келген келинге дары берип төрөтүп, ымыркайды көптөн бери балалуу боло албай жүргөн бүлөгө 1 500 долларга сатып жиберген. Бир нече күн өткөндөн кийин ал чүрпө сыркоолоп калып ооруканага түшкөн. Айыгып чыккандан кийин анын багып алган энеси наристени кайра берип салган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү ошондой эле мыйзамсыз документтерди даярдаган. Дарыгерлер мындай жоруктарын бир нече жолу жасап, төрөлгөн балдарды 1500 доллардан 3000 долларга чейин сатышкан. Жыйынтыгында фемида өкүлдөрү бир акушер-гинекологду сегиз жылга эркинен ажыратып, төрт жылга мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелерде иштөө укугунан ажыратты. Калган бешөөнү "Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 75 жылдыгына, 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын он жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзамынын негизинде жазадан бошотту.

Казынага 21 миллиондон ашык зыян келтирилген

Чет элдик эки жаран 2012-жылы Бишкек шаарында почта кызматын көргөзгөн фирма ачып, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан чыккан тамекилерди Канада, АКШ, Европага бажы төлөмдөрүн төлөбөй жөнөтүп турган. Укук коргоо кызматкерлери ишкананын документтерин карап чыгып, ишкерлер мамлекеттик казынага жалпы 21 миллион 405 миң сомдон ашык зыян келтиргендигин аныктаган. Айыпталуучулар аталган сумманы өлкө казынасына төлөп берип, камактан бошотулду.

Интернетке сүрөт жүктөп соттолгон ата

Чач тарач болуп иштеген жаш жигит интернет айдыңында диний сүрөттөрдү көчүрүп алып социалдык тармактар аркылуу бөлүшкөн. Милиция кызматкерлери андагы символикалар КРде тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмуна таандык экендигин аныктаган. Сот отурумунда шектүү аталган уюмга тиешеси жок экенин жана алардын идеологиясын жактабай турганын айткан. Бирок бир баланын атасы үч жылга эркинен ажыратылды.

Аялын өлтүрө сабап жоголгон эргул

Он жыл мурун мас болуп алып боюнда бар аялын түн ортосунда көчөдө катуу сабап койгон. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип бети-башы канжалаган жаш келинди ооруканага алып кетип, милиционерлер кызыл камчыны колго түшүргөн. Бир күн өткөндөн кийин кош бойлуу аял эсине келбей ооруканада көз жумган. Ал эми камактагы эргул тергөө учурунда прокуратуранын имаратынан чыгып баратып погончондорго күч колдонуп качып кеткен. Адам өмүрүн алган шектүү он жыл жашынып жүрүп паспортун алмаштырып, башкага үйлөнүп, эки балалуу болгонго жетишкен. Эми зөөкүр он жыл темир тор артында болот.

Мыкаачы кылмышкер

Ширетүүчү болуп иштеген 51 жаштагы жаран улгайган аялдын үйүнө түн ортосунда кирип жеңил акча табууга аракет кылган. Пенсия курагындагы кожейке ойгонуп кеткен. Кылмышкер анын колу-бутун байлап зордуктап, андан соң муунтуп өлтүрүп, окуя болгон жерден кетип калган. Соттук-медициналык экспертиза аял аба жетпей көз жумгандыгын аныктаган. Эми мурда сот жоопкерчилигине тартылган мыкаачы 20 жыл өмүрүн абакта  өткөрүп, мамлекетке 100 миң сом төлөйт.

Элден 300 миң сомго жакын акча алып...

Кылмышка шектүү катары милициянын колуна түшкөн эркек Ош шаары менен Ош облусунун аймагында каржы пирамидасы менен алектенген. Ал жергиликтүү тургундардан ири суммадагы акча каражатын алып, аларды "иштебесеңер деле берген акчаңар ай сайын көбөйүп турат" деп ишендирген.

Жалпы ал шылуун элден 300 миң сомго жакын акча чогулткан. Жеңил акча табууга бел байлаган киши эми 80 миң сом айып пул төлөп, эки жыл сегиз ай темир тор артында болот.

844
Белгилер:
Кыргызстан, кылмыш, сот, өкүм, шектүү
Тема боюнча
Кыргызстанда көбүнчө кайсы курактагылар кылмыш кылат. Статистика
Милиция кызматкери. Архив

Сузакта 10 күн мурда жоголгон окуучу кыздын сөөгү табылды

135
(жаңыланган 10:12 28.11.2021)
27-ноябрда Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжол менен 8-12 жаштагы кыздын сөөгү табылганын кабарлаган.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Сузак районунда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованын cөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, 27-ноябрда болжол менен саат 17:00 чамасында Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжол менен 8-12 жаштагы кыздын сөөгү табылганын кабарлаган.

Жерине Сузак РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, сөөктү карап чыккан соң ал дайынсыз жоголгон Сумая Хосилжанова экени белгилүү болгон.

Аталган факт Сузак милициясы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Эске салсак, наристе 18-ноябрь күнү саат 12:40тар чамасында окууга кеткен бойдон кайткан эмес. Ошондон тарта аны укук коргоо органдары издеп жаткан.

135
Белгилер:
Сузак району, окуучулар, издөө, милиция, сөөк, кыз
Тема боюнча
Дайынсыз болуп жаткан бишкектик 13 жаштагы кыз табылды
Кармалган киши. Архив

Депутаттыкка талапкер айымдын күйөөсү добуш сатып алууга шектелип кармалды