БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Токмок шаарында жеңил автоунаа жолтандабасты кагып, андан кийин түркүк менен дүкөндү сүзгөн. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Кырсыктын видеосун "Короче" Telegram каналы жарыялады.
Окуя 6-декабрь, жекшемби күнү, болжол менен саат 16:00дө болгон. Анда Mercedes Benz үлгүсүндөгү автоунаа Ленин көчөсү менен келе жатып кырсыкка кабылган. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калып жолтандабасты, түркүктү жана дүкөндү сүзгөн.Кырсыктын кесепетинен жолтандабастын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканы айтылды. Учурда окуянын себептери такталууда.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Beeline соода маркасы менен таанылган "Скай Мобайл" компаниясы мамлекетке келтирген зыяндын 112,1 миллион сомун бюджетке кайтарды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматта аталган компания салык төлөөдөн качканы аныкталып, 2019-жылдын ноябрында Жазык кодексинин 232-беренесинин 2-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Мунун алкагында Финпол "Скай Мобайл" ЖЧКсына текшерүү жүргүзүп, натыйжада компания кирешесин жашырып өзгөчө ири суммадагы салык төлөбөй койгонун ачыкка чыгарган.
"Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында тергөөнүн жүрүшүндө аталган компания мамлекеттик бюджетке келтирген 112 миллион 103 миң 243 сомдук зыяндын ордун толтурду", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта Финпол тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана зыяндын ордун толтуруу иштери улантылып жатканы белгиленет.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ташкент шаарындагы "Шовотландия" кафесине өрт коюуга шектелген адам кармалды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Чилензарск районундагы кафеден чыккан өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына 27-февралда түнкү саат 3:51лер чамасында түшкөн. Жалын саат 4:37де чектөөгө алынган. Кийинчерээк шаардык милиция башкармалыгы кырсык болгон жерден беш студент ууланып каза болгонун кабарлаган.
Милиция Самарканд облусуна караштуу Тайлак районунун тургуну, мурда соттолгон жаран атайылап өрт коюушу мүмкүн деп эсептеп жатат.
"Тергөөнүн алгачкы маалыматы боюнча, ал 27-февралда саат 3:30да Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа менен кафеге келип, дубалына белгисиз суюктук чачкан. Андан соң ичине дагы бир идиштеги суюктукту ыргытып күйгүзүп жиберген. Шектүү өрт тутанганча карап туруп, анан качып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул боюнча "Атайылап жок кылуу жана мүлктү зыянга учуратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнү Ташкент прокуратурасы жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эртең Бишкектин бир районунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкектин "Ак-Босого-1", "Ак-Босого-2" суу тосмолорун оңдоо жана шаардык суу түтүктөрү тармагын жазга карата даярдоонун алкагында айрым көчөлөрдө суу токтойт.
"Эртең, 2-мартта, саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин Ак-Босого конушунда жана райондогу Сары-Челек, Нурек, Андижан жана Бухара көчөлөрүндө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Ошондой эле №81 мектепте, №2 "Алтынай" балдар бакчасында, №14 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, №15 милиция пунктунда жана №16 муниципалдык аймагында убактылуу суу жок болот", — деп айтылат маалыматта.
Конуш тургундары, социалдык мекемелердин баары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кошумча эскертилери белгиленди.
Шаар бийлиги ичүүчү сууга байланышкан бардык маселелер боюнча 1533 бирдиктүү маалымат борборуна жана мэрияда үзгүлтүксүз иштеп жаткан 1840, 1850 номерлерине кайрылууга болорун айтты. Ал эми көйгөй боюнча сүрөт, видео материалдарды 0554 182-185 WhatsApp номерине салууга болот.