Ош облусунда карышкан жеңил жана оор жүк тарткан ири автоунаа

Ошто жеңил жана жүк ташуучу ири автоунаа кагылышты. Видео

292
(жаңыланган 14:21 07.12.2020)
Жол кырсык Бишкек — Ош жолунун 648-чакырымында болгон. Айдоочу менен жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Ош облусунда жеңил жана оор жүк тарткан ири автоунаа кагышты деп билдиришти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган облустук бөлүмдөн.

Жол кырсык 4-декабрда саат 16:30да Бишкек - Ош жолунун 648-чакырымында болгон.

Daewoo Nexia менен оор жүк тарткан Shacman үлгүсүндөгү автоунаа бет маңдайлаша кагылышкан. Анын кесепетинен Daewoo автокөлүгүнүн 32 жаштагы айдоочусу менен 22 жаштагы жүргүнчү жаракат алып, Ош облустук клиникалык ооруканасына жеткирилген.

292
Белгилер:
жүргүнчү, айдоочу, жол кырсык, Ош облусу
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (303)
Тема боюнча
Жол кырсыгына кабылган Ысык-Көлдүн жетекчисинин абалы айтылды
Жолтандабасты, дүкөндү жана түркүктү сүзгөн автоунаа. Токмоктогу кырсыктын видеосу
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Бала бакчадагы өрт. Милиция күйүп жаткан имараттагы адамдарды сыртка чыгарып кеткен

79
(жаңыланган 20:55 15.01.2021)
ӨКМдин куткаруучулары бир сааттын ичинде жалынды чектөөгө алып, кийин толугу менен өчүргөн. Жабыркагандар жана көз жумгандар жок.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук милициясы өрт чыккан бала бакчадагы адамдардын бардыгын эвакуациялаган. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Эске салсак, бүгүн, 15-январда, Түштүк магистралда жайгашкан жеке менчик бала бакчадан өрт чыккан.

Милициядан билдиришкендей, кырсык тууралуу маалымат саат 17:34тө түшкөн.

"Жерине Ленин райондук милициясынын экинчи бөлүмүнүн кызматкерлери жөнөп кеткен. Алар барганда Масалиев көчөсүндөгү бала бакчанын үстүнкү кабаты күйүп жатканын көрүшкөн. Коопсуздук үчүн имараттын ичиндегилердин бардыгы эвакуацияланып, аймак курчоого алынган. ӨКМдин куткаруучулары бир сааттын ичинде жалынды чектөөгө алып, кийин толугу менен өчүрдү (19:22). Жабыркагандар жана көз жумгандар болгон жок", - дешти милициядан.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча каттоого алынды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары уланып жатат.

79
Белгилер:
кырсык, өрт, ӨКМ, милиция
Тема боюнча
Түштүк магистралда жеке менчик бала бакча өрттөнүп жатат. Сүрөт, видео
Ош шаарында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Сүрөт
Көчө тазалаган аял. Архивдик сүрөт

Жалал-Абадда көчө шыпырган аялды сабады деген шектүү кармалды

73
(жаңыланган 18:27 15.01.2021)
Тергөө учурунда жабырлануучу шектүүнү тааныган. Кийинчерээк ал аял кармалган кишиге дооматы жок экенин айтып, тосмо арыз жазганы айтылды.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жалал-Абадда көчө шыпырган аялды сабады деген шектүү кармалып, тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Жалал-Абад шаарынын "Тазалык" ишканасынын кызматкери Маргуба Хакимованы белгисиз киши сабап кеткени кабарланган. Ал аялды белгисиз эркек киши таш менен чаап, ур-соккуга алып, милиция келгенге чейин качып кеткен. Жыйынтыгында жабырлануучу облустук ооруканага жаткырылган.

Факты боюнча топтолгон материал Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аталган окуяга шектүү катары Сузак районунун К.У. аттуу 30 жаштагы тургуну аныкталып, тергөө иштери башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу шектүүнү тааныган", — деп жазылат маалыматта.

Кийинчерээк жабырлануучу шектүүгө доосу жок экенин айтып, тосмо арызын жазып бергени маалым болду. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

73
Белгилер:
шектүү, аял, көчө, "Тазалык" ишканасы, Жалал-Абад
Тема боюнча
Оштон автоунаа айдай качкан жаранды Токтогулдун инспектору кууп жүрүп кармады
Бишкектеги Токтогул Сатылгановтун эстелиги. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
16-январга караган түнү республика боюнча күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, январь
Тема боюнча
Жерге муз доору кайтышы мүмкүн