Жолдо велосипед тээп бараткан киши. Архивдик сүрөт

Өзгөндө велосипед тээп бараткан адам унаа коюп кетип көз жумду

269
(жаңыланган 16:35 07.12.2020)
Облустун төрт тарабына курчоо посттору орнотулуп, издөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада 6-декабрь күнү Ош шаарындагы унаа оңдоочу жайлардын биринен айдоочунун унаасы табылган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Өзгөндө велосипед тээп бараткан адамды унаа коюп кетип каза болду. Маалыматты Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Окуя 5-декабрга караган түнү саат 02:20лар чамасында Куршаб айылынан Кызыл-Сеңир айылына бурулган жерде болгон.

"Велосипеди менен бара жаткан Өзгөн районунун 60 жаштагы жашоочусун белгисиз унаа коюп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза тапкан", — дешти милициядан.

Облустун төрт тарабына курчоо посттору орнотулуп, издөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада 6-декабрь күнү Ош шаарындагы унаа оңдоочу жайлардын биринен айдоочунун машинасы табылып, ал Араван районунун 25 жаштагы тургуну экендиги аныкталган.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

269
Белгилер:
жол кырсык, Өзгөн
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (303)
Тема боюнча
Ошто жеңил жана жүк ташуучу ири автоунаа кагылышты. Видео
Морг. Архив

Баткен: эки айдан бери изделген аялдын сөөгү үйүнө жакын жерден табылды

82
(жаңыланган 16:05 24.01.2021)
Буга чейин маркум 2020-жылдын 19-ноябрында өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жибергендиги маалымдалган.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Баткен шаарында 23-ноябрдан бери изделип жаткан Мактым Кожонованын сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Маалыматка ылайык, аялдын сөөгүн өзү жашаган үйдөн 200 метрдей алыс жерде өскөн бүлдүркөндүн арасынан милиция кызматкерлери тапкан. Анын маасысын иттер бакка көтөрүп келип, ошол аркылуу издөө иштери жүргүзүлгөн.

Аялдын сөөгү өлүкканага өткөрүп берилип, экспертиза дайындалганы айтылды.

Баткен ОИИБи ага милиция кысым көрсөткөн деген маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген.

Маалым болгондой, 2020-жылдын 19-ноябрында Кожонова өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жиберген. Аталган факт Баткен ШИИБинде Жазык кодексинин 178-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 20-ноябрь күнү Баткен ШИИБине Кожонова жолдошу Мамасадык Рахманов менен суракка чакыртылып, бир саатка жетпеген убакытта кайра кетишкен.

23-ноябрда ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Буга чейин ал аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатканы айтылган.

Аялдын алты баласы болгон, эң кичүүсү алты жашта экени айтылды.

82
Тема боюнча
Акча үчүн улгайган аял менен кишини өлтүргөн. Милиция шектүүнү кармады
Караколдо телеканалда иштеген аял каза таап, сөөгү өз үйүнөн табылды
Медициналык кызматкер COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүп жатат

АКШда COVID-19га каршы эмделген киши эки сааттан кийин көз жумду

52
Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда коронавируска каршы эмделген киши бир нече саат өткөндөн кийин көз жумганын РИА Новости жазды.

Калифорниядагы Плейзер округунун шерифинин кеңсеси өзүнүн Facebook баракчасына каза болгон адам өткөн айда COVID-19 илдети менен ооругандыгын билдирген. 

"Плейсер округунун Саламаттык сактоо кызматы жана шерифтин кеңсесинин коронавирус боюнча бөлүмү адам көз жумгандыгы жөнүндө маалымат алышты. Ал кишиге декабрь айынын аягында COVID илдети жуккандыгы аныкталган. 21-январда эмделип, бир канча саат өткөндөн кийин каза болгон", — деп айтылат билдүүдө.

Маркум округдун Саламаттык сактоо департаментинен башка жактан эмделгени айтылат. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат. Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз.

52
Белгилер:
эмдөө, вакцина, АКШ, өлүм, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүрөт
Коронавирустун жаңы түрүндө өлүм көп катталары айтылды. ДССУ эмне дейт
Лабораториянын кызматкери Covid-19 тестинин үлгүлөрүн алып кетип жатат

COVID-19 расаларга ар башка таасир этет. Жаңы иликтөө

0
Изилдөөгө курагы 16 жаштан жогорку 1737 бейтап алынган. Алар беш башка ооруканада дарыланган. Ичинен 538 адам азиаттар, 340 адам афроамерикалыктар, 707 адам европалыктар болгон.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Лондондогу ханыша Мария атындагы университет менен Barts Health NHS фонду биргеликте изилдөө жүргүзүп, коронавирус ар кайсы этникалык топторго ар башкача таасир этерин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Изилдөөгө курагы 16 жаштан жогорку 1500дөн ашык бейтап алынган. Алар беш башка ооруканада дарыланган. Ичинен 31 пайызы азиаттар, 20 пайызы афроамерикалыктар, 40 пайызы европалыктар болгон. Иликтөө башталгандан туура бир ай өткөндөн кийин аталган топко кирген оорулуулардын ичинен 29 пайызы каза болгону аныкталган.

Эксперимент маалында азия тектүүлөрдө интенсивдүү терапия бөлүмүнө түшүп, өпкөсүн жасалма түрдө желдетүүгө 1, 54 эсе көбүрөөк муктаж болору билинген. Ушундай эле өзгөчөлүктөрдү афроамерикалыктардан байкаса болот. Аларда бул көрсөткүч 1,8 эсеге жогору болгон.

Ошондой эле азиаттар менен кара терилүүлөр арасында дагы европалыктарга салыштырмалуу өлүм көбүрөөк катталган. Азиялыктарда 1,49 пайызга болсо, афроамерикалыктарда 1,3 пайызга жогору.

Мындан тышкары, адистер ИВЛ-аппаратка жатып калуу тобокелдиги дагы жогоруда айтылган эки расада европа тектүүлөргө салыштырмалуу 50-80 пайызга жогору болгонун айтышкан.

Бирок окумуштуулар азырынча мунун себебин аныктай элек.

0
Белгилер:
өзгөчөлүк, улут, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирустун жаңы түрүндө өлүм көп катталары айтылды. ДССУ эмне дейт
Күчөп, азайып... Казакстан, Тажикстандагы COVID боюнча абал