Бишкекте унаа коюп каза тапкан аялдын өлүмүнө шектүү айдоочу кармалды

CC BY-SA 2.0 / Mark Ou / _1080425Уголовное ответственность на нарушение ПДД
Уголовное ответственность на нарушение ПДД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз жумган аялдын ким экени такталып жатат. Ал болжол менен 45-50 жашта. Шектүү айдоочу бүгүн колго түштү.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда аял унаа сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу Кайгуул күзөт кызматынан билдиришти.

Третий ночной велопарад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндө велосипед тээп бараткан адам унаа коюп кетип көз жумду
Окуя кечээ түнү саат 01:45тер чамасында Тыныстанов менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Милициядан билдиришкендей, айдоочу качып кеткен. Ал эми 45-50 жаш чамасындагы аял ошол жерден жан берген.

Кылмышка шектелип Subaru Forester үлгүсүндөгү унаанын 24 жаштагы айдоочусу кармалды. Териштирүү амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0