БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Ош шаары боюнча башкармалыгы 13 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттын жоголушуна шектүү катары Эсеп палатасынын инспекторун кармады. Бул тууралуу Финансы полициясынан билдиришти.
"Мурда ачылган соттук өндүрүштүн алкагында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча Эсеп палатасынын инспектору А.К. кармалды. Ал Ош шаарынын СИЗОсуна киргизилди. Буга чейин аталган иштин алкагында жеке ишкананын жетекчиси колго түшүрүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда тергөө иштери жүрүп, аталган ишкананын кызыкчылыктарын коргоого тиешеси бар адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражатты кайтартуу боюнча иштер жүрүүдө.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарынын аймагынан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн кечке маал "Дордой" базарынын аймагында жайгашкан Al-masa'a TEXTILE дүкөнүнөн чыккан өрт саат 0:01де чектөөгө алынган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү бөлүм, ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бүгүн кечке жуук Бишкектин Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарынын аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Горит контейнер на "Дордое". Четыре пожарных расчета тушат. pic.twitter.com/xxQk2etd78
— Kanybek Beishenbekov (@kbeyshenbekov) March 6, 2021
Өрттү өчүрүүгө саат 20:33тө Свердлов райондук №2 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм, саат 20:46да дагы бир бөлүм, саат 20:48де Биринчи май районунан бир бөлүм жиберилген.
"Мындан тышкары, бир суу ташуучу унаа, саат 21:35те Октябрь районунан бир бөлүм жөнөтүлгөн. Ошондой эле штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылды. Саат 21:25те ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада барды", — деп жазылат билдирүүдө.
Өрт өчүрүү иш-чараларын көзөмөлдөө үчүн жерине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов барды.
Кошумча маалымат берилет.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кечээ кечинде Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарында чыккан өрт азыркыга чейин өчө электигин ӨКМ билдирди.
Кечээ 20:30дар чамасында жайгашкан "Дордойдогу" "Алтын-Тоо" базарындагы текстиль материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккан.
Кырсык болгон жерге ӨКМден төрт өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматтары тарабынан беш куткаруучу, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМден төрт экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган. Өрт саат 00:01де чектөөгө алынган.
"Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзсө, анын ичинен болжол менен 200 чарчы метри күйгөн. Азыр өрт толугу менен өчө элек. Адатта текстиль материалдары кеч өчөт", — деп айтылат маалыматта.
Учурда эки өрт өчүрүүчү бөлүм кызмат кылып жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.