Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Нил Уотерс / Медиабанкка өтүүКүйүп жаткан турак үй. Архив
Күйүп жаткан турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин билдиришинче, өрттү өчүрүү боюнча эки топ иштеп жатат. Биринчи бригада 23:06да кеткен болсо, экинчиси кийинчерээк барган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкектин Ленин районунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Окуянын видеосун "Короче" Telegram каналы жарыялаган. 

Алдын ала маалымат боюнча, Ак-Өргө конушунун Алыкулов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Аны өчүрүүгө саат 23:06да Ленин райондук №6 өрткө каршы башкармалыгынан бир бөлүм, саат 23:18де Бишкек шаардык №8 АӨКБдан бир бөлүм тартылган.

ӨКМ кырсык боюнча кошумча маалыматты кийинчерээк берерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0