Быйыл Бишкекте жол кырсыктары салыштырмалуу азайды. Статистика

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылдагы жол кырсыктарынын кесепетинен 2 588 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул сан былтыркы жыл менен салыштырганда 361 адамга аз.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Борбор калаада ушул жылдын 11 айынын ичинде 1 956 жол кырсыгы катталган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 393кө аз экенин шаардын Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Уголовное ответственность на нарушение ПДД - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте унаа коюп каза тапкан аялдын өлүмүнө шектүү айдоочу кармалды
Ага ылайык, жол кырсыктардын айынан 2 588 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул сан былтыркы жыл менен салыштырганда 361 адамга аз. Ошондой эле быйыл кырсыктан 66 киши каза болгон. Бул сан 2019-жылга караганда 9га аз.

Жыйынтыгында быйыл жол кырсыктары 20 пайызга кыскарганы белгилүү болду. Кайгуул милициясы муну айдоочуларга жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы деп түшүндүргөн.

23-марттан 11-майга чейин жазгы карантин (өзгөчө абал) учурунда 119 жол кырсыгы катталганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0