Финполдун мурдагы төрагасы Бакир Таиров тергөө абагына киргизилди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБывший глава ГСБЭП Бакир Таиров
Бывший глава ГСБЭП Бакир Таиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таиров парламенттик шайлоо алдында саясий партиялардын бирине мамлекеттик кызматкерди акча которууга мажбурлаган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, анын баш коргоо чарасы каралып, соттун чечими менен 2021-жылдын 2-февралына чейин камакка алынган.

Таиров октябрь айындагы парламенттик шайлоо алдында саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик органдын башчысын ири суммадагы акча которууга мажбур кылган деп УКМК тарабынан кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0